АКШнын улуттук чалгындоо кызматы Ирак өкмөтү алдыдагы бир жылда да көзөмөлдү колуна ала албай, ишенимден чыга берет деп билдирди. Кечээ жарыя кылынган докладда: “Ирактын саясий лидерлери натыйжалуу башкарууга дале күчсүз экени, Иракта «ал-Каиданын» таасири азыр да күчтүү болуп жатканы” айтылат.