Казак оппозициясы президент Назарбаевди шайлоодо бурмалоого жол берген деп айыптады

18-августта Мажилистин Төмөнкү үйүндөгү депутаттык орун үчүн өткөн шайлоодо президент Назарбаевдин “Нур отан” партиясы дээрлик бардык орундарга ээ болгон эле. Оппозициялык Социал-Демократиялык партиянын лидери Ораз Жандосов журналисттерге “Мындай бурмалоо өлкө лидеринин атайын уруксаты болмоюн жасалбайт болчу”,-деп билдирди. Эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ шайлоо эл аралык талаптарга жооп берген жок десе, президент Назарбаев бардык айыптоолорду четке кагып, шайлоо ачык, акыйкат жана таза өткөнүн билдирди.