13:00 “Кыргызстан жаштары” улуттук программасы жаштар тарабынан талкууланды

Жаштар департаментинин демилгесинде уюштурулган 21-августтагы бул талкууга 30 бейөкмөт уюмдарынан өкүлдөр катышты. Анда “Кыргызстан жаштары” программасынын алкагында бирдиктүү кандай иш-чаралар жүргүзсө болот сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан тышкары 2005-2006 жылдары жигердүү иш аракеттери менен байкалган жаштар үчүн берилчү өкмөттүк премия тууралу маалымат берилди. Жаштар департаментинен билдиришкендей сынакка катышуу акыркы мөөнөтү -15 сентябрь. (ElenK)