Юстиция министрлигинин алындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы башчысы Капар Мукеев баштаган беш кишинин ишин кароону бүгүн Свердлов райондук соту улантат. Аларга атайын прокуратура шалаакаылык кылып, мамлекетке 2 миллион сом чыгым келтирди деген айып менен 2006-жылдын 19-январында кылмыш козгогон. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы башчысы Капар Мукеев бул кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин №31 колонияда атып өлтүрүлүшүнө байланышкан чуудан кийин 2005-жылы октябрда дайындалып, кыска мөөнөт иштеген. (BuS)