Германияда индиялык жарандарга жасалган кол салуунун кесепеттери талкууланууда

БЕРЛИН. Германияда индиялык жарандарга жасалган кол салууга байланыштуу талаш-талкуулар уланууда. Жөөттөрдүн Борбордук Кеңешинин баш катчысы Штефан Крамер бийликтер чет элдиктерге Германиянын айрым чыгыш чөлкөмдөрүндө отурукташпагыла, деп эскертүүсү керек дейт. Ишенби күнү рассистик ураандарды кыйкырган 50гө жакын өспүрүм индиялык тогуз жаранды уруп кетишкен. Алардын экөө оор жарадар болгон.

Баян Жумакадыр кызы, Прага