30-сентябрда №69-Балыкчы шайлоо округунда Жогорку Кеңешке депутаттыкка кайра шайлоо өтөт. Учурда ага катышууну каалаган жарандардын ичинен үчөө талапкер катары катталышты. Катталгандардын катарында 19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурду деген айып тагылып, иши Коопсуздук Комитетинде турган оппозициянын өкүлү Өмүрбек Субаналиев бар.
№69 Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка арыз берген үч талапкерди округдук шайлоо комиссиясы 20-августта каттады. Алардын катарында «Алтын Дан» акционердик коомунун төрагасы, экс-депутат Жуман Акулуев, жеке ишкер Максат Абакиров жана экс-министр, милициянын генералы Өмүрбек Субаналиев бар.
Борборшайлоокомдун маалымат кызматынын башчысы Нина Мухинанын билдиргенине караганда, учурда талапкерлердин арыздарын каттоо жана кабыл алуу уланууда:
- Балыкчы боюнча талапкердикке көрсөтүү 3-сентябрга чейин уланат. Каттоо 13-сентябрда бүтөт. 14-сентябрда үгүт иштери башталат.
Балыкчыдагы шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүгө алгачкылардан болуп «Демократия жана жарандык коом үчүн!» коалициясы киришти. Жарандык коомдун өкүлү Мамбетимин Өмүракуновдун баамында, учурда шайлоочулар арасында кандайдыр бир талапкерге ынтызарлык байкала элек, тескерисинче элде материалдык кызыкчылык көбүрөөк болууда:
- Талапкерлер эмне берет экен деп эле эл ушуну карап калышыптыр. Алып көнгөн эл ошол эле бойдон экен. Дагы күчөптүр.
Мындай жагдайда шайлоо чынчыл болушу дегеле мүмкүн эмес, дейт Балыкчы шайлоо округу боюнча 2005-жылкы шайлоодо талапкер болгон саясатчы Мукар Чолпонбаев:
- Элдин турмушу оңолмоюнча элдин сатылганы сатылган. Өзгөчө Балыкчынын айланасында элдин турмушу өтө оор ахыбалда. Балыкчы шаарында бир да өндүрүш ишканасы жок. Жалаң соода-сатык менен жан багып атышат. Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык деген заман менен жашап атышат.
Бул аралыкта оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Субаналиевдин тарапкерлери анын шайлоого катышып жатышы бийликке жагымдуу болгон жери жок дешүүдө. Маселен, «Ар Намыс» саясий партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азырынча бийлик тарабынан Субаналиевге бут тосуулар байкала элек, бирок, бул дегеле опопзициячыл саясатчыны эркине кое берет дегенди түшүндүрбөйт:
- Эми биздин угушубузга караганда, Субаналиевге каршы атайын өмүр баяны окшош талапкерлерди алып келип коюп атышат бийлик тарабынан.
Мындай аракеттер тууралуу маалыматы барын байкоочу Мамбетимин Өмүракунов да билдирди. Бирок, анын баамында Өмүрбек Субаналиевге шайлоочулар арасында ар кыл көз караштар бар:
- Эми ар кандай болуп атат. Мына бул апрель митингисинен кийин рейтинги кичине түшүп калыптыр бир тарабы. Экинчи тарабы болсо колдойбуз эле дегендей кылып атышат.
Ушул эле күнү «Жоомарт» патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев Субаналиевге каршы жана бийликти колдоо максатында депутаттыкка өз талапкердигин коюп жатканын билдирди.
Өмүрбек Субаналиевге Коопсуздук Комитети 19-апрелде баш аламандыкты уюштурду деген айып тагып, ал боюнча тергөөнү соңуна чыгара элек. «Бириккен Фронттун» лидерлеринин бири саналган Субаналиев Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка экинчи ирет ат салышып отурат. 2000-жылкы парламенттик шайлоонун саясатчы үчүн пайдасыз жыйынтыгы кийинчерээк административдик тоскоолдуктар менен түшүндүрүлгөн болчу.
Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттык орун эки жылдан бери бош турат. Бул округдан 2005-жылы шайланган депутат Тынычбек Акматбаев №31 колонияны кыдырып жүргөн учурунда жаза өтөп отургандардын колунан мерт болгон. Анын ордуна талапкердигин коюп, 2006-жылкы шайлоодо көпчүлүк добуш алган агасы Рысбек Акматбаев да белгисиз адам аткан октон өлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы «Шайлоо кодексине» киргизилген жаңы өзгөрүүнүн негизинде 2005-жылы өткөн шайлоону жокко чыгарып, эми 30-сентябрда Балыкчы округунда кайра шайлоо уюштуруп жатат.