ЧЕЧЕНСТАНДЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН АЯЛЫ АЛЛА ДУДАЕВА МИНИСТР БОЛДУ

Чечен-Ичкерия Республикасынын биринчи президенти Жохар Дудаевдин аялы Алла Дудаеваны чечен жикчилери козголоңчул өкмөттүн маданият министри кылып бекитти. Чеченстандын Москвадан эгемендүү болушун каалаган Жохар Дудаев 1996- жылы россиялык ракетадан атып өлтүрүлгөн. Чечен жикчилери Алла Дудаеваны министр кылып дайындоо аркылуу Москвадан күнкорсуз мамлекет куруу үчүн күрөштү токтотушпаганын дагы бир ирет эларалык коомчулуктун эсине салышты.
Алла Дудаева - Чечен - Ичкерия Республикасынын биринчи президенти Жохар Дудаевдин тулу. Бул чыгаан аялдын күйөөсү, генерал- майор Дудаев Чеченстанды Россиядан күнкорсуз кылам деп, башын канжыгага байлап жүрүп, 1996- жылдын апрель айында табышмактуу жагдайда шейит өлгөн.

Чечен - Ичкерия Республикасынын 1997- 2005- жылдардагы президенти, полковник Аслан Масхадов менен экс- президент Зелимхан Яндарбиевди да россиянын коопсуздук күчтөрү атайын операциянын негизинде жок кылышкан. Бирок да эгемен Чечен мамлекети үчүн күрөш али токтой элек. 17- август күнү жикчил өкмөттүн маданият министри болуп, Алла Дудаева дайындалды. Бул жөнүндө каршылык көрсөтүү кыймылынын интернет- сайты маалымдады. Алла Дудаева “Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматына берген интервьюда, жикчилердин өкмөтү кадыресе иштеп жатканын айтты:

-Мен бул дайындоого аябай сүйүндүм. Байкоочудай сыртта тургум келбейт, мурда да турган эмесмин. Чечен Республикасында 12 жылдан бери каршылык көрсөтүү токтобой уланып жатканы, бийликтин бардык структуралары иштеп жатканы мени кубантат.

Алла Дудаева 2003- жылы президент Ахмад Кадыровдун Чеченстанга кайтып келүү жөнүндөгү сунушун четке каккан. Алла айым Чеченстандын азыркы президенти, Ахмад Кадыровдун уулу Рамазан Кадыровдун урушта бүлүнгөн ордо шаар Грозныйды кайра куруу өнөктүгүн көз боемочулук деп сынады:

- Турак жайды курууга, Грозныйда кайра тургузууга аракет кылышууда. Бирок, үйлөрдө таштандылар агуучу түтүктөр, ысык же муздак суу жок. Алар качкындар лагеринен келген адамдар үчүн баш паанек гана болууда. Эң маанилүүсү элде укугу жок. Чечендер токойго кетишүүдө, каршылык көрсөтүү өсүүдө.

Алла Дудаева акыркы жылдары Түркияда жашайт. Ал чечен жикчилеринин өкмөтүнүн, ошондой эле күйөөсү Жохар Дудаевдин ишмердүүлүгү жөнүндө семинарларды, көргөзмөлөрдү өткөрүп жүрөт. Бир нече китептин автору. Алла айым учурда Эстониянын жарандыгын алуууга аракет кылууда. Күйөөсү генерал- майор Дудаев 1991- жылга чейин Эстониянын Тарту шаарында жайгашкан стратегиялык авиадивизиянын командачысы болгон.