Иран өкмөтү менен МАГАТЭ бир пикирге келишти

Тегеранда Иран бийликтери жана Өзөктүк курал боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин – ортосунда жүргөн эки күндүк сүйлөшүүлөрдөн соң, тараптар Ирандын өзөктүк программасы боюнча түшүнүксүз суроолорду тактоонун планын жана мөөнөтүн макулдашты. Анын маани-мазмуну эки аптанын ичинде жарыя кылынаары айтылууда. Батыш державалары Иран өзөктүк программасын токтотпосо, БУУнун санкцияларын үчүнчү ирээт киргизе тургандыгын эскертип келет.