Мексиканын мамлекеттик “Petroleos Mexicanos” мунай компаниясы Мексика булуңундагы иштерди токтотууга жана миңдеген ишчилерди ал жерден көчүрүп кетүүгө мажбур болду. Буга Кариб деңизинин жанында күч алып жаткан “Диин” аттуу капсалаң себеп. Адистердин баамында, “Диин” капсалаңы Мексиканын жээгине бүгүн жетип калышы мүмкүн. Бороондун ылдымдыгы саатына 230 чакырымга жетип, Кариб бассейниндеги аралдардагы капсалаң бери дегенде сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.