Ирактын түштүгүндөгү Мутана провинциясынын акими курман болду

БАГДАД. Ирактын түштүгүндөгү Мутана провинциясынын акими Мухамат али-Хассан курман болду. Анын машинеси жолго орнотулган бомбага кабылган. Акимди коштоп бараткан сакчылардын алтоо жардыруудан жаракат алды. Ал - Хасани Ирак шиилеринин ири партиясынын башчысы эле. Бул окуядан кийин Эс-Самаве шаарчасында коменданттык саат эрежеси киргизилди. 11-августта Ирактын дагы бир түштүк провинциясынын акими, шии партиясынын мүчөсү өлтүрүлгөн.