14:45 Каракөл инженердик факультети И. Раззаков атындагы техникалык университетке берилет

Жалабалат университетине караштуу аталган факультетти И. Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетке өткөрүп берүү тууралуу жарлыкка бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Мындай демилгени энергетикалык тармакка инженер кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга максатында аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы көтөргөн.Азыр которууга байланыштуу келип чыккан чыккан материалдык, кадрдык маселелерди чечүү, окутуу-методикалык куралдар менен камсыз кылуу иштери Билим берүү, илим министрлигине жүктөлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (EBM)