Кабулда уурдалып кеткен немис жараны табылды

Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдады. Министрликтин өкүлүнүн айтымында, аны уурдаган адамдар камакка алынды. Кечээ 31-жаштагы немис жараны Кристина Меирди эки куралчан ресторанда отурган жеринен кармап кетишкен.