КЫРГЫЗСТАНДА КҮЗДӨ ОЛКУ-СОЛКУЛУК БОЛОБУ?

  • Ырысбай Абдыраимов
Күздүн келиши менен өлкө кайрадан олку-солкулуктун чордонуна айлануусу ыктымал. Мындай болжолду Ф.Куловдун билдирүүсүнөн кийин Жалалабат облусундагы айрым саясий партиялар да айтып чыгышты. Саясий туруксуздуктун жаралышына социалдык-экономикалык реформалардын начар жүрүүсү, конституциялык реформанын кечеңдеши, өлкөдөгү мыйзамсыздыктар менен кен байлыктардын туура эмес иштетилип, Манастын күмбөзүндөгү кароол чокудагы казуулар түрткү бериши ыктымал. Бийлик өкүлдөрү менен бийликти жактаган партиялардын ишениминде саясий реванш алууну каалаган адамдар өлкөнү жасалма жол менен олку-солкулукка түртүүдө.
Күз айларына күтүлгөн саясий жагдайлардын курчушуна конституциялык реформалардын кечеңдеп, баалардын кескин көтөрүлүп, турмуштун начарлоосу түрткү берүүсү ыктымал. Манастын күмбөзүндөгү кароол чокунун казылуусу да элдин кыжырына тийип койду. Олуттуу киреше берчү өнөр жай ишканаларынын туура эмес менчиктештирүүгө жана сатууга берилиши, курулуш материалдарынын кымбаттап, жаштардын келечектен үмүт үзүп, жашоонун айласынан башка мамлекеттерге жер которуп жатканы депутат Өмүрбек Текебаевдин облустагы жардамчысы Сейит Кадырбековдун болжолунда октябрь айында олку-солкулукту жаратуусу мүмкүн:

- Конституциялык реформаны кайрадан президент өзү баш болуп депутаттарды кайра уюштуруп, кайрадан өзгөртүп алышты. Нааразы болгон кыргызстандыктар 2007-жылы октябрда дагы митингге чыгуу даярдыктарында турушат. Жаштардын баары нааразы. Жаштар эле эмес карыялар да нааразы. Ошол ардагерлердин пенсиясы жетпегени, ундун кымбатташы нааразылык туудурат.

Март ыңкылабынан кийин бийлик элдин андагы үмүт-тилектерин актаган жок. Өлкөдөгү мыйзамсыздыктар менен өкмөттүн социалдык-экономикалык программаларынын жоктугу да көпчүлүктү нааразы кылууда. “Ата мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев да ушул жагдайлардан улам күз айларынын туруксуз болуусун болжоодо:

- Саясий жана экономикалык жетишпестиктер бул элдин нааразычылыгын уламдан улам пайда кылып жатат. Эгерде өкмөт учурда кандайдыр бир программа менен чыгып, абалды оңдоо боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсө өлкөнү чоң кризиске алып барат.

Жогорку кеңештин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандар арбын. Парламентке болгон нааразылыгын облус тургундары “Эркиндик” партиясынын башчылары район-шаарларды кыдырган чакта билдиришкен. Аталган партия Жогорку Кеңешти таркатуу үчүн кол топтогондо борбордук шайлоо комиссиясы кол топтоолор мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн билдирип, аны четке каккан. “Келечеги Кең Кыргызстан” үчүн кыймылынын лидери Ф.Кулов жакында билдиргендей, парламент бийликтин күчү менен таркатылчу болсо, бул шарт да саясий туруксуздукка өбөлгө түзүүсү ыктымал. Бирок, “Эркиндик” партиясынын өкүлү Айчүрөк Мамажанованын айтымында, парламент зарыл мыйзамдарды кабыл албай, бийликке тоскоолдук кылганы учүн март ыңкылабынан кийин эле таркатылышы керек болчу. Анткени, парламенттик-президенттик шайлоолордогу адилетсиздиктер менен коррупциячыл бийликтин үстөмдүгү 2005-жылы өлкөнү революциялык кырдаалга алып келген эле:

- Тоскоол келтиргендиги ушул да керектүү мыйзамдарды кабыл албай жатышат. Мыйзамдардын керектүүсүнүн баарын четке кагып, өздөрүнө керектүүсүн тартып, кайсыл жерде байлыкты коргоого окшогон маселелерди карап жатышат, - дейт “Эркиндик” партиясынын өкүлү Айчүрөк Мамажанова.

Оппозициячыл кыймылдар өлкө тынчтыгын ойлосо, бийликтин кемчилигин убагында айтып турууга тийиш болчу. Күзүндө күтүлгөн саясий туруксуздуктарга алар тилегендей негиз жок. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун белгилешинче, апрель митинги ойрон болгон соң, Ф.Кулов өңдүү бийлик сересинен кеткен адамдар элге көрүнүү аракети менен өлкөнү жасалма түрдө олку-солкулукка алып келүүнү каалоодо:

- Кулов иштеди. Өзүнүн негизги күчүн көрсөтө алган жок. Иштеп жаткан мезгилде ал Кыргызстандын экинчи адамы болчу. Ошол мезгилде президентке кирип туура эмес жерлерди айтыш керек болчу.

Парламент таркатылса, албетте, олку-солкулук болуусу ыктамал. Бирок, Жогорку Кеңештин таркоосун, Базаркоргон районунун тургуну Чолпон Абазбековдун оюнда бийликти колдогон адамдар талап кылууда:

- Парламент таркалсын дегендер бул бийликти жактаган адамдар болуп жатат. Менин оюмча азыр парламентти таркатыштын кереги жок. Себеби парламент бийликти сайгылап, кичине болсо да иштешине өбөлгө болот.