Белорус 2008-жылдан тартып улуттук акчасын орус рублуна байлаганды токтотушу ыктымал. Бул жөнүндө Белорустун улуттук банкы билдирди. Дүйнөлүк акча базарында АКШ валютасына аттандаш жалпы европалык евронун жана орус рублунун куну өсүп баратканда, белорус рублун америкалык долларга байлоо аракетин айрым талдоочулар экономикалык эмес, саясый чечим катары баалашууда.
Президент Александр Лукашенканын Орусия менен бирдиктүү союздук мамлекет түзүү ыкласы өчө баштаганбы же Москванын газдын баасын эки эсе көтөргөнүнө чекеси тырыштыбы, айтор, Белорус рублун АКШ долларына байламак болуп жатат. Тактап айтканда, келерки 2008- жылдан тартып, Белорустун борбордук банкы улуттук акчаны башка өлкөлөрдүн валютасына алмаштырууда америкалык долларды чен өлчөм катары пайдаланууга өтүшү мүмкүн.
Белорус борбордук банкы бул кадамын улуттук рублду бекемдөө жана эларалык соодадагы зарылдык менен түшүндүрдү. 2005- жылга чейин да белорус рублу АКШ долларына байланып жүрүп, анан орус рублун ориентир тута баштаган. Борбордук банк улуттук акчанын кубатын аныктоочу мындай чарага президент Лукашенконун ыктыяры жок барбаганы анык. Анүчүн улуттук рубль долларга байланса-бул Лукашенканын ыкласы менен жасалган саясый чечим болот дешет жергиликтүү серепчилер. Белорус улуттук банкынын мурдакы төрагасы Станислав Богданкевич “Азаттыкка” берген интервьюда мындай кадам Минскинин Москвага болгон көзкарандылыгын азайтканын, бирок ошол эле учурда Белорус- Орусия союзун түзүү идеясына каршы келерине көңүл бурду:
- Бүгүнкү кырдаалда белорус рублун орус рублуна байлабай ажыратууну мен саясый чечим деп атаар элем. Муну менен президент Лукашенка союздук мамлекет түзүү идеясына экинчи соккуну урду.
Богданкевич дүйнөлүк экономикада түзүлгөн азыркы кырдаалда Белорус экономикасы жалгыз бир өлкөнү пир тутпастан, Европа биримдиги, Орусия жана Кошмо Штаттарга багытталган болуш керек деп эсептейт.
Экономистердин айтымында, белорус рублун орус рублуна көгөндөбөй койуу- Белорустун төлөмдөр балансын туруктуу кылат. “Белорус жана Орусиянын экономикалык модели такыр бири бирине окшошбойт. Белорустун валюта кору доллар менен толукталат жана Орусияга газ жана мунай азыктары үчүн АКШ доллары төлөнөт. Ошон үчүн белорус тараптын планы экономикалык жактан «өтө туура» деп санайт “Ренессанс Капитал” инвестициялык банкынын талдоочусу Екатерина Малофеева “Коммерсант” басылмасында чыккан макалада. Ошол эле учурда, адистердин айтымында, орус рублунун кубаты өсүп бараткан шартта - белорус улуттук акчасын АКШ долларына көгөндөө- Белорустун соода балансына көп деле таасир этпейт.