Бишкек шаардык соту «Жашылдар» саясий партиясынын лидери, экс-депутат Эркин Бөлөкбаевге райондук сот чектеген административдик жаза мөөнөтүн азайтты. Анын негизинде саясатчы сот залынан бошотулду. Мындай тыянакты натура деп эсептеген саясатчы эми Жогорку Сотко кайрылмай болду.
«Жашылдар» партиясынын лидери, казактардын «Алаш» коомунун жетекчиси Эркин Бөлөкбаевдин шаардык сотко кайрылышына Свердлов райондук сотунун административдик айып тагып, он күнгө камоо тууралуу 11-августта чыгарган чечими түрткү берди. Райондук сот мындай чечимди райондук милициянын арызынын негизинде чыгарган. Райондук милиция саясатчыны милициянын тилин укпай, бейбаштык кылды деп айыптоодо. Милициянын дооматына караганда, акционерлердин талашына түшкөн «Ысыккөл» Инвестбанкын жаңы кожоюндарга милициянын жардамы менен бошотуу учурунда Бөлөкбаев ички иштер кызматкерлеринин тилин албай, акаарат келтирген.
Мындай дооматты Эркин Бөлөкбаев саясатчыга каршы атайын ойлоп табылган шылтоо дейт. Ал "Ысыккөл" Инвестбанкка байланышкан милициянын 10-августтун түнүндөгү аракеттерин туура эмес деп эсептеп, аны коомчулукка билдирүү максатында видеотасмага тартканын айтат. Бөлөкбаевдин айтымында, мындай аракетте эч кандай мыйзам бузуучулук жок, бул камак бийликтин өзгөчө көз карашы бар адамдарды коркутуп-үркүтүү максатында гана атайылап тапкан шылтоолорунун бири.
Шаардык сотко күбө катары келген Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева ал күнкү окуяда Бөлөкбаев эмес, милиция айыптуу дейт:
- Биздин баарыбызда эле камера бар болчу. НБТныкы да бар болчу. Менде фотокамера бар болчу. Анан Бөлөкбаевде видеокамера бар болчу. Аныкы кубаттуураак болчу. Бизге эч кандай, эч нерсе болгон эмес. Анан камераңарды бергиле деп калды. Мен жыла баштагам. Анан Бөлөкбаевдин машинасына милиция барып талаша баштаганын көрүп калдым. Мен жеткиче алар Бөлөкбаевди алып кетип калышты.
Укук коргоочулар жана саясатчынын тарапкерлери анын камалышын саясий кызыкчылык менен байланыштырып жатышат. Шаардык сотко Бөлөкбаевдин ишин калыс чечип берүүнү сураган кат менен Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев жана бир катар жарандык лидерлер кайрылышкан. Буга чейин «Реформа үчүн!» кыймылынын, Бириккен фронттун мүчөсү Эркин Бөлөкбаевдин камакка алынышына «Ар намыс» жана «Атамекен» саясий партиялары тынчсыздануусун билдиришкен.
Бирок, судья Жакупов төрагалык кылган Бишкек шаардык сотун саясатчынын тарапкерлери келтирген дооматтар толук ынандыра алган жок. Свердлов райондук сотунун 11-августтагы чечимин өзгөртүп, он күндүн ордуна алты күндүк жаза чектеди. Анын натыйжасында буга чейин камакта отурган Бөлөкбаев сот залынан дароо бошотулду.
Эркин Бөлөкбаевдин жактоочусу болгон «Адилет» укуктук борборунун башчысы Чолпон Жакупова чечимди чектен чыгуучулук катары баалап, мыйзамсыз чечимдердин келип чыгып жатышына соттордун көз карандылыгы себеп болууда деп билдирди. Эркин Бөлөкбаев өзү болсо Жогорку Сотко кайрыларын билдирди. Мындан тышкары саясатчы 10-августта видеоаппаратын тартып алып, тасманы жок кылгандыгы үчүн милиция кызматкерлерин да сотко бере тургандыгын билдирди:
- Алар кызматтан кыянаттык менен пайдаланып күч менен менин мүлкүмдү тартып алып отурат. Бул үчүн да сотко берем. Себеби окуя үч-төрт күбөнүн көзүнчө болгон.
Буга чейин Эркин Бөлөкбаев жетекетеген кыргызстандык казактардын «Алаш» коому колдоо көрсөтүүнү сурап Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылганын маалымдаган.