БИШКЕК САММИТИНДЕ ШКУну КЕҢЕЙТҮҮ МАСЕЛЕСИ КОЗГОЛГОН ЖОК

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 7- саммити өттү. Алты мүчө мамлекет башчыларынын, байкоочу жана конок катары чакырылган төрт мамлекеттин президентинин жана эки мамлекеттин министр деңгээлиндеги өкүлүнүн катышуусунда өткөн бул саммит он документ кабыл алды. Бишкек саммитинде мурда болжолдонгондой уюмдун курамын кеңейтүү маселеси көтөрүлгөн жок.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары кол коюлган документтердин ичинен «Узак мөөнөттүү кошуналык, достук жана кызматташтык жөнүндөгү» келишимди негизги документ катары баалашты. Документке кол коюу иш-чарасы өзү да шаңдуу маанайда өттү.
Бишкек саммиттинин жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушуууда президенттер келишимди уюмдун кызматташтыгын бекемдей турган башкы документ болуп калат деп билдиришти. Орусиянын президенти Владимир Путин, маселен, мындай деди:

- Бул документ келечекте биргелешип иштөөгө жол салат. ШКУнун ар тараптуу өнүгүшүнө, уюмдун мүчөлөрү эле эмес байкоочулар менен да карым-катышты өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп берет.

Президенттердин ишениминде документ ШКУ артыкчылыктуу багыт катары санап келаткан соода-экономикалык гана эмес, коопсуздук, маңзаттарга, мамлекеттер аралык кылмыштуулукка каршы күрөш өңдүү багыттар боюнча да ишти илгерилетет. Кытай төрагасы Ху Цзинтьтао Бишкек саммити кабыл алган документ уюмдун аймак коопсуздугун өз алдынча коргошуна шарт түзөт деп эсептеди:

- Аймактын коопсуздугун өз алдынча өз күчү менен камсыздоо максатында тараптар коопсуздук кызматташтыгын ар тараптуу илгерилетет.

Маалымат жыйынында сөз алган Өзбекстан президенти Ислам Каримов Бишкек саммити кабыл алган документтерди эле эмес, алты жылдан бери кабыл алынып келаткан документтердин ишке ашышына, мүмкүнчүлүктөргө караганда иштин натыйжалуугуна көбүрөөк маани берүүгө кесиптештерин чакырды:

- Мүмкүнчүлүктөр тууралуу азыраак айтып, жыйынтыгы, жемиштүүлүгү, Борбор Азия аймагында, ШКУнун жоопкерчилик аймагында болуп жаткан жараяндарга, ШКУнун таасири жөнүндө көбүрөөк айтыш керек.

ШКУнун Бишкек саммити келишимден тышкары Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттердин планын, ШКУ карамагындагы Ишкер кеңеш менен банктар аралык бирикменин кызматташтыгы жөнүндөгү, Маданий кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну, Бишкек декларациясын, биргелешкен коммюникени да кабыл алды.

Кыргызстандын президенти, ШКУнун быйылкы төрагасы Курманбек Бакиев Бишкек саммитинин жыйынтыгын канааттандырарлык деп баалады:

- Менин көз карашымда биз кынтыксыз жемиштүү иштедик. Бүгүн маанилүү документтер кабыл алынды.

Байкоочу катары катышкан Ооганстандын, Монголиянын президенттери, Пакистандын, Индиянын министрлери, конок катары келишкен Ирандын, Түркмөнстандын президенттери ШКУ саммитинин өнүгүү багытын кубатташты. Бирок, мурда болжолдонгондой уюмду Иран, Түркмөнстан өңдүү мамлекеттердин эсебинен кеңейтүүгө байланышкан маселелер көтөрүлгөн жок. Келерки саммит Тажикстанда өтмөй болду.