Фестивалга ШКУнун курамына кирген мамлекеттердин чыгармачыл топтору, көркөм өнөр чеберлери катышат. Фестивалдын концерттик программасы үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү “Биз жер эненин балдарыбыз” деп аталып, анда кыргыз театр артистери, бий топтору жана башка көркөм өнөр адамдары катышат.
Бул прологдо жердин пайда болушу, аны кантп сактоо керек тууралуу жана кыргыз элинин философиясы чагылдырылат. Экинчи бөлүгү “Жибек жолунда баарыбыз бир” деп аталып, ШКУга кирген ар бир мамлекет 40 мүнөттүк концерт тартуулашат. “Улуу Жибек Жолунда бирге карай” деген жыйынтыктоочу бөлүгүндө алты мамлекеттин өнөрпоздорунун биргелешкен концерти болот. Жалпы программа бир жарым сааттан ашуун убакытты камтыйт.
Фестивалдын салтанаттуу жабылышы 17-августта борбордук Ала-Тоо аянтында өтөт. Ушул эле күнү улуттук филармонияда Кытай Эл Республикасынын маданият күндөрү ачылат. Ошондой эле ШКУна кирген ар бир мамлекеттин көркөм өнөр чеберлери өзүнчө кеңири программадагы концерттик программаларын тартуулашат.
Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин билдиргенине караганда кыргыз өнөрпоздору көрсөтө турган программанын катышуучуларынын көпчүлүгү жаштар.
- Фестивалда Кыргызстандын жаңы искусствосунун жүзүн, чыгармачыл жаңы муунду көрсөтөлү деген максатта КМШ, Европа жумуриятына белгилүү болуп калган биздин жаш чыгармачыл инсандарыбызды чакырдык. Ал эми фестивалдын соңунда ШКУга кирген өлкөлөрдүн маданий байланышын чыңдоо жаатында келишимге кол коюлат. Бул документтин өтө чоң маданий-саясий мааниси бар,- деди Султан Раев.