10:40 Түркиянын Башкы штабы Коргоо министрлигине финансы жардам көрсөтөт

Кыргыз өкмөтү Коргоо министрлиги менен Туркиянын башкы штабы ортосундагы протоколдун долбоорун бекитти. Ага ылайык, Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 136 миң түрк лирасы өлчөмүндө финансы жардам көрсөтмөкчү. Бул каражат Коргоо министрлигинин жоокерлеринин террорчулук менен күрөшүү борборуна катышуу, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында кыргызстандык аскер башчыларынын Түркияга сапары жана башка иштер үчүн жумшалмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (ZMa)