БИШКЕКТЕ ШКУнун КЕЗЕКТЕГИ САММИТИ БАШТАЛДЫ

Азыркы тапта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 7-саммити башталды. Саммитке мүчө алты мамлекет башчысынан тышкары ардактуу конок жана байкоочу катары дагы төрт президент, эки мамлекеттин министрлери катышууда. ШКУнун саммитинин кадыры өсүп баратат деген айрым байкоочулар, анын келечегин НАТОго атаандаштык менен байланыштырышууда.
Шанхай бешилтиги деп аталып, бир аз мурдараак негизделген Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн түзүлгөндүгү тууралуу 2001-жылдын 15-июнунда жарыялаган. Уюмду расмий негиздеген Шанхай саммитинде мурда макулдашкан Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттеринин катарына Өзбекстан кошулган болчу. Алты мамлекеттин башын кошкон бул уюм өзүнүн уюшулушун кошуналык өз ара ишенимдерди бекемдөө, саясий, соода-экономикалык, коопсуздук, маданий багыттагы кызматташтыкты чыңдоо максаттары менен негиздеген.

Учурда Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу эки органы бар. Башкача айтканда уюмдун катчылыгы Пекинде, Антитеррордук аймактык түзүм Ташкенде жайгашып турат. ШКУнун жыл сайын өтүүчү саммитеринде кабыл алынган чечимдерге таянган талдоочулар уюмдун кубаты артып баратканын белгилеп келатышат. Мындай көз караштар акыркы мезгилде Түндүк Атлантика альянсы менен байланыштырылып жүрөт. Мындай көз карашын «Азаттыкка» берген интервьюсунда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов да билдирди:

- Социалисттик лагерь жоюлгандан кийин эми жаңы саясат менен ШКУ болуп чыгып атат. Тараза принциптери саясатта болушу керек. Мен ойлойм, бир таразасында НАТО болсо бир таразасында ШКУ болушу керек. Бул өзү жакшы, жаман эмес.

Мирослав Ниязов ШКУ түпкүлүгүндө НАТОго атаандаш уюм катары өсүп чыгарына ишенет. Сынчыл талдоочулар ШКУнун мындай дымагын аскерий машыгуулар менен да байланыштырып жүрүшөт. Мындай аскерий машыгуу Бишкек саммитинин алдында Кытайда башталып, саммитти улай Орусия аймагында аяктаганы турат. Мындай чараларды уюм өзү коопсуздук менен байланыштырып келатат. Кыргыз президентинин карамагындагы Адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун ШКУнун НАТОго теңештирилишин аша чабуу катары баалады:

- Мен ойлойм, бул аймактагы эле эл аралык уюмдардын бири деп эсептейм. Муну НАТОго теңештирип кереги жок.

Мындай эки ача пикирди чындыкка коошпойт деп эсептеген жергиликтүү байкоочулардын бири жарандык лидер Токтайым Үмөталиева ШКУ өз таасирин аймакта күчөтүү, өзүн чыңдоо максатындагы аракеттин негизинде түзүлгөн уюм деп эсептейт:

- Бир багыт деле жок. НАТОну же экономикалык саясатты эле бет алган уюм деп айтууга болбойт. Себеби бул уюм чегаралаш өлкөлөрдүн кызыкчылыгын жана геосаясатта бир орунду ээлөө максаты менен уюштурулган уюм.

Төктайым Үмөталиева ШКУ келечекте НАТОго атаандаш аскерий максатка бириккен уюм катары өсүп чыгарына ишенбейт. Анткен менен, талдоочу дүйнөдөгү үлкөн мамлекеттер эсептеше турган аймактагы күчтүү уюм болорун болжойт. Ал Бишкек саммитине байкоочу болуп катышып жаткан Индия, Иран, Пакистан, Монголия келечекте уюмга мүчө болорунан шек санабайт. Ал эми Турсунбек Акун жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси Бишкек саммитинде көтөрүлүшү мүмкүн дейт.
Анткен менен ШКУнун Бишкек саммитинин күн тартибине киргин он маселенин ичинде уюмдун курамын көбөйтүү тууралуу маселе жок.

Фото саммиттин ырасмий сайтынан алынды.