8:37 Бишкекте бүгүн орус тили боюнча эл аралык форум башталат

Кыргыз-орус Славян университетинде өтчү бул жыйында Борбор Азиянын билим берүү мейкиндигиндеги орус тилинин абалы талкууланат. Форум 19-августка дейре созулуп, ага Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген окумуштуулар катышмакчы. Мындан сырткары алыскы чет өлкөлөрдөгү окуу жайлардын өкүлдөрү да чакырылган.(SM)