Первез Мушарраф Пакистан жана Ооганстанды бирге террорго каршы аракеттенүүгө чакырды

Президент экстремизм жана терроризм менен жигердүү күрөшүү үчүн биргелешкен фронт түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 12-августта эки өлкөнүн уруу башчыларынын курултайынын соңку отурумунда айтты. Мушарраф ошондой эле Пакистан жана Ооганстан өзгөчө күч алган терроризмге тушукканын, ал эми талип согушкерлери Пакистандын колдоосу аркылуу ооган аймагына өтүп кетип жатканын кошумчалады.