13:30 Юридикалык академияда ЖОЖдор аралык аскердик кафедра ачылат

Коргоо министрлиги мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясындагы аскердик кафедраны юридикалык академияга которуу сунушун киргизген. Буга дене тарбия жана спорт академиясындагы нормативдик-укуктук-материалдык базанын начардыгы жана окутуу жараянын уюштуруу боюнча документтердин дал келбегендиги негиз болгон. Билим берүү министрлиги бул сунушка макулдугун берди. (EBM)