19-апрель окуясына байланыштуу камакка алынышкан жарандар Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевдин соту 23-августта уланмай болду. Бүгүн болгон кезектеги сот отуруму күбөлөрдүн бирөөнүн көрсөтмөсүн угуу менен чектелди. Айыпталуучулардын тарапкерлери сот создугуп жатат деп, муну күбөгө тартылат деп көрсөтүлгөн милиция кызматкерлеринин сотко келбей жаткандыгы менен түшүндүрүштү.
Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевге 19-апрелде митингичилерди кууп-таркатуу учурунда Бишкектин борбордук имараттарынын жанындагы жерге төшөлгөн таштарды талкалап, милицияны көздөй ыргытты деген доо коюлууда. Коопсуздук Комитети бул эки жаранга Кылмыш Кодексинин 233-беренеси боюнча айып тагып, камакка алган. Коюлган айып далилденген шартта бул эки жаран үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок, коомдук коргоочулар менен адвокаттар ушул күнгө чейин Абдиев менен Акназаровдун күнөөсүн аныктоочу негиздер бериле электигин белгилешүүдө. Коомдук коргоочулардын бири, «Интербилим» борборунун башчысы Асия Сасыкбаеванын айтымында, кызыкдар тарап саналган жабырлануучулар өздөрү келбей жатышат. Аны алып келүүгө өзгөчө ынтызарлык деле байкалбайт. Келгендери айыпталуучулардын мойнуна коюлган күнөөнү далилдегидей көрсөтмө беришкен жери жок:
- Негизи ушул балдар таш ыргытты деген далил жок азырынча.
Абдиев менен Акназаровго байланышкан кылмыш иши боюнча сотто 27 жабырлануучу жана күбөлөр көргөзмө берери болжолдонгон. Бирок, сот отуруму башталган 13-июлдан бери үч гана күбө - эки милиция кызматкери, «Вечерний Бишкек» гезитинин фотокабарчысы көргөзмө беришти. Бирок, алар таш ыргыткандар ушул Абдиев менен Акназаров деген так көрсөтмө беришкен жок. Адвокат Сабыр Өмүралиевдин айтымында, тагылган айыпты сот далилдей албаса, айыпталуучуларды бошотуу зарыл болуп калат:
- Мыйзам боюнча эгер алардын күнөөсү аныкталбаса, камактан бошотулушу керек.
Күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды деп кабарланган жыйырма жаштагы Жолдошбек Абдиевдин энеси баласын сот актап берсе деп үмүт кылууда:
- Газ ыргытты деп, ызы-чуу болгондо бала таш алып ыргытты да. Оң чечип берсе эле болду. Кескенде жаш баланы эмне пайда табат. Түрмөгө барган оңой бекен. Аяктан бузулуп келет да. Ооруп келет, оор жугузат…
Ошентип, 19-апрелде массалык тартипсиздик болду деген факт боюнча ачылган кылмыш иштин чегинде каралып жаткан бул сот иши кандай тыянак чыгарарын азыр эч ким болжой албай турат. Митингдин катышуучуларын кууп-таркатуу операциясынын башында турган Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев жөнөкөй адамдар эмес, уюштуруучулар жоопко тартылышы керек болчу дейт:
- Жөнөкөй кишилерди, ошол жерде үч-төрт миң киши жүрдү, ошолорду жоопко тарткан деле туура эмес го. Эл өзү деле көрдү. Туура эмес кылып атканын өздөрү деле түшүндү. Ошол эле жетиштүү. Анан баарын эле репрессия кылып, сотко алып барып, тигиндей-мындай кыла берген туура эмес.
Анткен менен Коопсуздук кызматы соттолуп жаткандардан тышкары оппозициянын бир катар лидерлерине баш аламандыкты уюштурду деген айып такты. Кылмыш Кодексинин 233-беренесинин биринчи пунктунун негизинде мындай айыпты жакында экс-премьер-министр Феликс Куловго такты. Андан мурдараак Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдырахманов, Адилет Айтикеевге да ушундай айып тагып, камакка алган. Кийинчерээк оппозициялык депутаттардын кепилдиги менен убактылуу бошотулушкан болчу. Аталган саясатчылар эч жакка чыкпоону убада кылып, тил кат беришкен. Феликс Кулов Коопсуздук Комитетинин аракетин оппозицияны саясий жарыштардан алыстатуу максатында атайын жасалган саясий буйрутма деп баалады. Мындай пикирин апрель митингдерин колдогон жарандык лидерлердин бири Асия Сасыкбаева да билдирди:
- Бул эми саясий заказ экендиги дапдаана эле көрүнүп турат.
Ал эми Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар 19-апрелде массалык тартипсиздик болгон эмес, ошондуктан, Кылмыш Кодексинин 233-беренеси аркылуу оор айыптарды тагууга негиз жок деп келатышат.