Диний экстремизмге каршы мамлекеттик чукул чаралардан диний ишенимдеги жай адамдар жабыркап жатышат. Шанхай кызматташтык уюмунун алдындагы күч бийликтеринин аракеттерине байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар ушундай билдирүүлөрдү жасашууда. Ошол эле учурда тартип коргоо кызматтары саммиттин алдында коопсуздук чараларын күчөтүп, шектүү саналган жагдайларга чара көрүүдө.
Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук боюнча улуттук комитет ШКУ саммитинин алдында күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Байма-бай өткөн рейддердин чегинде экстремисттик багыттагы ар кыл адабияттар, видеотасмалар кармалып, курал табылган фактылар болгондугу, шектүү адамдар камакка алынгандыгы тууралуу да кабарланууда. Ошол эле учурда укук коргоочулар күч бийлиги аша чабууда деп, адам укуктарына шек келип жаткандыгын белгилешүүдө. «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдырасулованын айтымында, маселен, күч бийлиги ашкере этияттанабыз деп, адамдардын укуктарын эстен чыгарууда:
- Ушул аракеттердин бардыгы башка адам укуктарын түздөн-түз тебелебегидей абалда болуш керек. ШКУга байланыштуу терроризмге каршы деген шылтоо менен Жалалабад облусунда Хизбуттахрирге тиешеси бар деген айыптар менен үйлөрүндө тинтүүлөр болуп, бир нече адамдар кармалып атат.
Жалалабаддагы рейддердин биринде үйүнөн жардырчу зат табылды деп кармалган диний адамдын кошунасы Абдулла Усманов ШКУнун алдындагы кадырэсе эле саясий оюн жүрүп жатат деп билдирди:
- ШКУ алдында биз атайын иш кылып атабыз көргүлө, терроризмге каршы күрөшүп ататбыз, аракетибиз бар деген ой менен кылып аткан эле иштер да булар бары-жогу.
Анткен менен, Ислам халифатын орнотуу максатын көздөгөн «Хизб-ут–тахрир» өңдүү экстремисттик уюмдардын кооптуулугу барган сайын күчөгөнүн расмий бийликтин айрым өкүлдөрү кыябы келгенде эскерте калып жүрүшөт. Мындай пикирин өлкөнүн түштүк аймагындагы жыйындардын биринде өкмөттүн алдындагы дин комиссиясынын башчысы Тойгонбек Калматов да билдирген болчу:
- Тынчтык жол менен эмес, колго курал алып, Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ниеттенип, ушул багытта да бир топ иштерди жүргүздү. Бул боюнча биздин укук коргоо органдарынын өкүлдөрүндө абдан так, жакшы маалыматтар бар.
Ошол эле учурда Кыргызстандын муфтияты диний экстремисттик аракеттеги адамдарга ашкере көңүл бурууну эп көргөн жери жок:
- Эми өтө эле коркуп, буларда мындай-тигиндей болуп кетет деп, буларды көкөлөтүп, булутка чыгаруунун кереги жок,- деди муфтийдин орун басары Сүйүн ажы Кулуев.
Ошондой болсо да талдоочулар кандайдыр бир иш-чаралардын чегинде кыска мөөнөттүү күрөш жүргүзүү аркылуу диний экстремизмге байланышкан коркунучтарды жоюу мүмкүн эмес деп келишет. Алардын бири, саясат таануучу Токтогуд Какчекеевдин көз карашында коомдо өзүнүн бар экендигин кадырэсе сездирип жаткан уюмдун ишмердүүлүгүн анын мүчөлөрүн камоо, кармоо аркылуу чектөө мүмкүн эмес дейт:
- Көп болсо кылмыш кодексине берене киргизебиз. Милицияларды айтабыз: ай кана кармагыла, камагыла деп. Эгер алар күчүнө жетсе, мамлекеттин 50% камтып калса, ошондо 2,5 миллион адамды түрмөгө камай албайбыз да…
Токтогул Какчекеевдин көз карашында, Кыргызстанда бул проблеманын күчөп баратышында, коррупциянын таасири күчтүү деп эсептейт. Ошондуктан, коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деп тизмеленген экстремисттик, террорчул жана сепаратисттик уюмдарга каршы күч эмес, ырааттуу, демократиялык нуктагы түпкүлүктүү саясат аркылуу күрөшүү алда-канча натыйжалуу болот дейт саясат таануучу.