8-августта облустагы саясий партиялар менен өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар шайлоо кодексинин соңку долбоорун талкуулашты. Тегерек үстөлдө дайын болгондой, шайлоо кодексинин долбоорунда партиялардын өз ара блок түзүү жагы, айыл өкмөттөрү менен район-шаар кеңештерин партиялык тизме менен шайлоо жагы көрсөтүлбөй, байкоочулардын укуктары тууралуу толук жазылбаган. Талапкерлердин күрөө акылары байманалуу адамдардын гана президенттик-парламенттик шайлоого катышуусуна шарт түзгөн.
Шайлоо кодексинин жаңы долбооруна ылайык парламенттик-президенттик жана Бишкек шаар кеңеш депутаттарын шайлоо партиялык тизме менен өткөрүлөт. Республиканын борборунан башка шаар-райондук кеңештери менен айыл өкмөт башчыларын шайлоо ал тизме менен жүргүзүлбөйт. Талкууну уюштурган облустагы жарандык коомду колдоо борборунун юристи Нурбек Касымбеков саясий партиялар үчүн демократиялык шарт түзүлгөнүн белгиледи:
- Партия президентке кандидат көрсөтө алат деген норма жок. Партиялар 45ден кем эмес кандидатты көрсөтүш керек. 25 миң кеминде кол чогултуш керек партияны колдогон.
Шайлоону калыс өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмелериндеги кемчиликтерди жоюу керек. Башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандар да шайлоо тизмесинде болуп калышы ыктымал. Ал тизмени даярдаган мекеме-уюмдардын жана шайлоого катышпаган адамдарды белгилеген комиссия жетекчилерин жоопко тартуу жагын Кочкората шаарынан келген Мария Сапарова сунуш кылды. Ал өткөн шайлоодо тизмеден көзү өткөн кайын ата-кайын энелеринин ысымдарын чалдыктырган:
- Тизмени карап отурсак менин кайнатам менен кайнэнемдин аты бар экен. Алардын өлгөнүнө 10 жыл болду. Бирок ошолор өтүп атат. Төрага жана комиссиянын мүчөлөрү жоопкер болуш керек.
Кодекстин долбоорунда шайлоонун жүрүшүн көрүнөө тасмага түшүрүү, байкоочулардын укуктары, саясий партиялардын канча уюм менен кандай шартта топторду түзүү жана ал блокторду качан уюштураары тууралу түшүндүрмөлөр берилбеген. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү милдеттендирилбеген. “Содружество” партиясынын өкүлү Динара Жураеванын оюнда депутаттыкка талапкерлер үчүн коюлган күрөө акылары менен шайлоо корун түзүүгө казыналык мекемелерде иштеген талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү эмес. Долбоордо белгиленген күрөө акыларына ылайык байманалуу адамдардын гана президенттик парламенттик таймашка катышуусуна өбөлгө түзүлгөн. Бирок, түшүндүрүү иштеринин начардыгы менен шайлоо жараяндары сакталбагандыктан жана уруучулдук-жердешчиликтин айынан шайлоодо бир айыл экиге бөлүнүп чатакташкан же улуттук бөлүнүүгө алып келген жагдайлар аз эмес. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо же дайындоо тууралу долбоордо көрсөтүлбөгөндүктөн жыйындагылар карама-каршы пикирде болушту. Мындай жаңжалдардын алдын алууга «Эркиндик» партиясынын мүчөсү Арстан Жээнбеков жергиликтүү бийлык башчыларын өкмөт дайындаса, депутаттардын артыкчылыктары жоюлса деген сунушун кийирди:
- Айыл өкмөттөрдү эл шайлап атат. Эл шайласынбы, же жергиликтүү депутаттар шайласынбы? Ушул жерде бизде тартыш болуп калды. Эл шайласа экиге бөлүнүп кетип атат. 15 депутат болсо тогузу биригип бир айыл өкмөт шайлап алып мафия болот. Депутаттардын кол тийбестиги алуусу кошулбай калган.
Долбоордо шайлоо мыйзамын бузгандар үчүн жоопкерчилик жагы каралган. Өткөн шайлоолордо эреже бузган шайлоокомдорду жоопко тартууга мыйзамдын иштебегендиги жана адамгерчилик сапаттар жол бербегенин облустук шайлоо комиссиясынын башчысы Нурмамат Ашымов билдирди:
- Эки бюллетен берип койсо, бир адам эки жолу кирип бирөө үчүн добуш берип кармалып калса канча штраф, бардыгы бар бул жерде. Бюллетенди берип аткан жеринен, тизмени оңдоп аткан жеринен кармаганбыз комиссиянын мүчөлөрүн. Аларды комиссиянын мүчөлүгүнөн алып салдык.