Казак жана азери компаниялары мунай долбоору боюнча макулдашты

Долбоор Казакстандын Каспий жээгиндеги мунай терминалдарын, Азербайжандагы танкер, мунай куйуучу ишканаларды жана бул терминалдарды Баку-Тбилиси-Жейхан мунай жолу менен байланыштыруучу жайларды камтыйт. Ошондой эле мунай-газ жаатындагы кызматташттык тууралуу макулдашууга жетишилди. Келишимдерге Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Астанага расмий сапары учурунда кол коюлду.