Аманбек Жапаров,Бишкек 8-августа Чүй облусунун Москва районунун үч тургуну Эсептөө палатасынын кызматкерлери коррупцияга аралашты дешип, мекеменин алдына пикетке чыгышты. Алар аталган райондо жашаган Орусиянын жараны Игорь Филиповдун жеке нотариусу аркылуу жүргүзүлгөн мыйзамсыз иш аракеттерге Эсептөө палатасынын кызматкерлери кол кабыш кылышкан дешип, нааразы болушууда. Ал эми Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы пикеттегилердин коюп жаткан дооматтарында негиз жок деп эсептейт.
Пикетке чыккандардын бири Елена Клименко, Москва районунун Беловодск айылында жашаган Игорь Филипов жубайы экөө орусиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын паспортун сатып алышканын далилдеген документтер бар экенин айтты. Ал Филиповдор 2000-жылы жеке нотариус ачып, жети жылдан бери мыйзамды бузуу жолу менен бир нече күбөлөндүрүү иштерине жол бергенин, кирешелерин салыктан жашырганын белгиледи. Анын айтымында, Эсептөө палатасынын кызматкерлери былтыр Филиповдун жеке нотариусун текшеришип, анын мыйзамсыз иш аракеттерин жаап-жашырууга кол кабыш кылышкан. Пикетке чыккандардын бири Гүлбайра Темирова, бул маселе боюнча эсептөө палатасынын төрагасы Искендер Гайыпкуловго кайрылганын мындайча сыпаттады.
- Кечээ эсептөө палатасынын жетекчиси Искендер Гайыпкуловго келсек, ал бизди кабыл алды. Анан биздей карапайым кишилерге «биз андай ишти текшербейбиз, укугубуз жок»,- дейт. Бул эмне дегени. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн чечимин аткарышы керек да. Мен таңгалам, Гайыпкулов Жогорку Кеңеште эл шайлаган депутат болуп жүргөн адам эмес беле. Эми чоң кызмат алгандан кийин эле биздин укугубузду тебелеп калабы?
Ал эми эсептөө палатасынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурлан Досалиев пикеттегилердин коюп жаткан дооматтарында негиз жок экенин, палатанын төрагасы Искендер Гайыпкулов алар менен кечээ жолугушканын айтты.
- Төрага Искендер Гайыпкулов кечээ пикетке чыккандар менен жолугушуп, иштин чоо-жайын, маңызын түшүндүрүп берди. Бирок алар түшүнгүлөрү келбей, куру дооматтар менен биздин мекемеге, кызматкерлерге жалган жалаа жаап жатышат.
Елена Клименко Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү Нурлан Моңоловдун Филиповдун жеке нотариусу боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча документти көргөздү. Анда Адилет министрлиги, Эсептөө палатасы, салык инспекциясы биргелешип документалдык кошумча текшерүү жүргүзүү тууралуу улук тергөөчүнүн чечими камтылган.
Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нурлан Досалиев палатанын кызматкерлери былтыр Филиповдун жеке нотариусун текшерип, материалдарды Москва райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүшкөнүн, үстүбүздөгү жылы тергөөчү Моңоловдун кайрылуусу менен кошумча текшерүү жүргүзүлгөнүн маалымдады. Анын айтымында, эсептөө палатасы бюджеттик мекемелерди гана текшериши керек.
- Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субьектилерди текшерүүгө алуу жөнүндө» мыйзамдын 10-11-беренелерине ылайык, текшерген объекттин жетекчиси биз менен макул болбой койгондо гана кайталап текшерилет. Же болбосо иш өндүрүшүндө өзгөрүүлөр болгондо текшерилет, деп көргөзүлгөн. Бул жерде эч кандай иш өзгөртүлгөн эмес. Баса белгилей кетүүчү нерсе, жеке нотариустун ишине эсептөө палатасынын эч кандай тиешеси жок. Эсептөө палатасы республикалык бюджеттеги мекемелерди гана текшерет,-деди Нурлан Досалиев.
Пикетке чыккан Гүлбайра Темирова Орусиянын жараны Игорь Филиповдун чуулгандуу иштерине чекит коюлбайт. Анткени анын артында күч органдарындагы “атка минерлер” турушат, деп эесептейт. Анын айтымында, Москва районундагы укук коргоо, сот органдары коррупциялашкандыктан карапайым элдин укугу корголбой келет.
- Бул жерде таза “суу кошпогон” коррупция. Себеби прокуратура, эсептөө палатасы, милиция, сот бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, Москва райондук сотунда калыстык жок. Акыйкат соттук териштирүү жок. Карапайым элдин укугу тебеленип жатат,- деди Гүлбайра Темирова.