11:03 «Бириккен фронт» лидерлеринин жарандык ишин Жогорку Сот карары күтүлүүдө

Бул тууралуу «Ар-Намыс» саясий партиясынын кеңсесинен билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаар прокуратурасы Өмүрбек Субаналиев менен Виталий Искаковдун жарандык иштерине байланыштуу Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу сунушу менен 19-июлда Жогорку Сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту доо коюлуп жаткандардын бири Өмүрбек Субаналиевге Коопсуздук Комитети 19-апрелде баш аламандык уюштурду деп таккан айып бир жаңсыл чечилгенге чейин убактылуу токтоткон. Бишкек шаардык соту бул ишти 28-июнда карап, күчүндө калтырган болчу. Шаар бийлиги милиция жана тез жардам кызматы чыгымга учурады деп, эки саясатчыга 4 миллион сомго жакын доо коюп жатат. (BuS)