Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 8-августта түнкүсүн Ысыккөл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун тоолорунда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27 градус.
Таласта түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36 градус.
Нарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30 градус.
Борборубуз Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +35...+37 градус болот.