Улуттар уюмунда котормочу болуп иштеген орусиялык кызматкер АКШнын визасын мыйзамсыз жолдор менен алуу иштерине аралашкан деп айыпталып, камакка алынды. Улуттар уюмунун кызматкери менен кошо Орусиянын дагы эки жараны кармалганын Нью-Йорктук прокурор маалымдады.