КҮЗҮНДӨ САЯСИЙ АБАЛ КАЙРА КУРЧУЙБУ?

Соңку кездерде коомчулукта алдыдагы күздө өлкөдө саясий абал кайра курчушу тууралуу айрым божомолдор айтыла баштады. Оппозициялык бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов өткөн аптада күзүндө Жогорку Кеңеш таратылып, жаңы шайлоо өтүшү мүмкүн деген божомолун айтты. Бирок башка айрым саясатчылар парламент таратылышы боюнча божомолго эч кандай негиз жоктугун айтышууда. Чын эле күзүндө өлкөдө коомдук-саясий абал кайра курчуйбу?
Оппозициялык бириккен фронттун башчысы Феликс Кулов парламент таратылышы тууралуу божомолду өткөн жумадагы маалымат жыйынында айрым маалыматтарга таянып айтып жатканын билдирген эле:

- Биздеги кээ бир маалыматтарга караганда, күзүндө парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү даярдалууда. Ал калкты баалардын өсүшүнө, азыр пландаштырылып жаткан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кол топтоого байланышкан маселелерден алаксытуу максатында жасалышы ыктымал.

Феликс Кулов ошондой эле жаңы парламенттик шайлоо болот деп, жүз пайыз ишенимдүү айта албастыгын, бирок учурда ага кам көрүлүп жатканы тууралуу ар кандай булактардан укканын билдирген.

Оппозициялык саясатчынын минтип айтышы коомчулукта ар кандай пикирлерди пайда кылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев болсо президент парламентти таратууга барышы мүмкүн дегенге анчейин ишене бербейт:

- Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу бир топ курч маселелерге алып келиши мүмкүн. Бул – стабилдүүлүктү бузуу дегендик. Президент ушундай жолго барат дегенге мен анчейин ишене албайм, бул ага жеңиш алып келбейт. Андай кадамгша барууга объективдүү себеп жок.

Мурдагы депутат, «Атамекен» партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев да азыркыдай шартта парламентти таратууга негиз жок дегени менен күзүндө элдин бийликке нааразылыгы күчөшүнөн күмөн санабайт:

- Парламентти таратат деген божомол негизсиз. Себеби азыр парламенттин көпчүлүк бөлүгү президент менен апак-чапак болуп калган кези. Экинчи маселе, күзүндөгү нааразылыктар сөзсүз боло турган нерсе. Бул үчүн чоң саясатчы болуштун деле кереги жок. Себеби акыркы убакта эле күнүмдүк колдонуп жаткан тамак-аш азыктарынын баасы 20-40 пайызга өсүп, элдин жашоо-деңгээли төмөндөөдө. Ошондуктан эл саясатчылар каалайбы-каалабайбы ар кандай формада бийликке өз нааразылыктарын айтып чыгышы мүмкүн. Эгер оппозициялык саясатчылар туура колдоно алса ал чоң күчкө айланып кетиши ыктымал.

Ошол эле учурда кээ бир саясатчылар рыноктун шартында жашап жаткандыктан баалардын өсүшү сыяктуу маселелерге саясий боек сүртүү туура эместигин белгилешүүдө. Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикиринде болсо, оппозиция тактикасын өзгөртүп, маалыматтык чабуулга өтө баштады жана күзүндө өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда андай деле ары-бери чайкалуулар болбойт.

Айрым талдоочулардын баамында, канткен менен күзүндөгү саясий абал негизинен президенттин чечкиндүү кадамдарга барыш-барбасына, ириде конституциялык реформага, экономикалык маселелерге байланыштуу өзгөрөт жана эгер конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса парламенттик шайлоо өткөрүү учур талабы болушу ыктымал.