10:50 Кароолдөбөдөгү казуу иштерине каршы акциялар башталууда

“Атамекен” социалисттик партиясынын жаш канаты жана жаштардын “Жебе” кыймылынын мүчөлөрү кечээ Таластагы “Манас ордого” чатыр тигишти. “Атамекен” партиясынын маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, ушул тапта Кароолдөбөдө төрт чатыр тигилип турат. Зарылчылыкка карай дагы тигилүүсү мүмкүн экендиги айтылууда. Кароолдөбөдөгү казуу иштерине каршы болуп жаткан жаштар чатырларда жашап, ал жерде нааразылык иш-чараларын уюштуруп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.(ZKo)