13:04 Бириккен Фронт 19-апрелдеги баш аламандык боюнча өз иликтөөсүн жүргүзгөн

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бириккен Фронттун лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, атайын тергөө иштери уюштурулуп, эки миңге чукул адам күбө катары суралган. “Эгерде сот болсо, миңге жакын адам күбө болууга даяр. Анда бул сот иши чоң саясий жараянга айланат”,-деди Ф. Кулов. Бириккен Фронттун лидери Кулов өз билдирүүсүндө апрель айында өткөн митингдин уюштуруучулары Өмүрбек Субаналиев жана Өмүрбек Абдрахмановго мамлекеттик структураларда кызмат орундары сунуш кылынганын, бирок алар мындан баш тартканын кошумчалады. “Бүгүнкү күнү бийлик өзүнө жакпаган адамдарын же орден менен сыйлайт, же камакка алат”,-деди Ф. Кулов. (ZMa)