БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА БЕШ КИШИГЕ АЙЫП ТАКТЫ

Башкы прокуратура Аксы окуясын кайра териштирип, ошол учурдагы беш жетекчиге айып такты. Буга чейин Жогорку сот аксылык жабырлануучулардын арызынын негизинде мурда чыгарган сот чечимин жокко чыгарган болчу.
Аксы окуясы боюнча Башкы прокуратура айып таккан мамлекеттик мурдакы жетекчилердин катарында президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Аманбек Карыпкулов, Жалалабад облусунун мурдакы прокурору Зоотбек Кудайбергенов, экс-губернатор Султан Урманаев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Думанаев жана Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев бар. Аларга 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районунун Бозпиек жана Кербек айылдарында болгон кан төгүүгө күнөөлүү деген айып Башкы прокуратура тарабынан тагылганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аксы аймагынан шайланып, кийинчерээк камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып, тынч жүрүш менен кетип бараткан элге карата ок чыгарууга айып тагылгандардын бири Аманбек Карыпкуловдун түздөн-түз тиешеси болгон деген айыптоолор башынан эле айтылып келген. Аксылык жабырлануучулар 2002-жылдан тарта Аксы окуясына күнөөлүүлөрдүн анабашы катары Аманбек Карыпкулов жоопко тартылууга тийиш экендигин белгилеп, мурдагы бийликтен да муну бир нече жолу талап кылышкан. Ал эми Аманбек Карыпкулов өзү болсо Аксы окуясында эч кандай айыбы жок экендигин айтып келе жатат.

Ошондой эле Жалалабат облусунун мурдакы губернатору, учурдагы парламент депутаты Султан Урманаев, Аманбек Карыпкулов аксылыктарга жолугушууга барууга улуксаат бербей койгонун айтып жүрөт. Оппозициялык маанайдагы “Ак шумкар” депутаттык тобунун мүчөсү Султан Урманаевдин депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесин парламент талкууга алыша элек.

Жалалабад облусунун мурдакы прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун талапкерлери прокуратуранын кылмыш ишти кайра козгоп, тергөө жүргүзгөнүнө нааразычылык да билдиришкен.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде жогоркуда аттары аталган мамлекеттик жетекчилерге Аксы окуясы боюнча айып тагылганы туура. Сот аркы адилет чечим чыгарып, күнөөлүүлөр жазасын алаарына ишенебиз. Аксы окуясы акырына чыгып, адилет чечилмейин реформа да болбойт” дейт Төлөйкан Исмаилова.

- Аксы окуясын иликтөө эмне болуп жатат деген суроону койгон элек, учурда тергөө аяктап, беш чиновникке айып тагылганы туура.Алар «Тайфун» операциясы боюнча жаңы кылмыш иш козголуп, күнөөлөнүп жатат.

Башкы прокуратурадан беш адамга айып тагылып жатканын телефон аркылуу маалымдалды, деп билдирди адвокат Сартбай Жайчыбеков. Анын айтымында Башкы прокуратуранын Аксы окуясы боюнча жаңы кылмыш иш козгоп, Жогорку Соттон мурунку иштерди чакырып алуусу менен Аксы окуясы аягына чыкпайт. Себеби айып тагылган беш адамдан сырткары башка күнөөлүүлөр аныкталып, жазасын аларына ишеним аз дейт адвокат Сартбай Жайчыбеков:

- Анын келечегине ишенич жок. 2002-жылдан бери козголуп, токтолуп келатпайбы. Бул маселе боюнча дагы бир экс- президент Аскар Акаев жана ошол учурдагы премьер- министр Курманбек Бакиев да суракка келип, көрсөтмө берүүсү керек.

Жогорку кенештин депутаты Султан Урманаев Аксы окуясында эч кандай күнөөсү жоктугун айтып, башкы прокуратура эч кандай суракка чакырбаганын, депутаттык кол тийбестигин алуу маселеси парламентте каралбаганын жана учурдагы бийлик аксылыктарды убактылуу дагы алдап жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Карыпкулов мени Бекназародун ишинен оолак кылууга аракет жасады. Мен ошол кездеги губернатор катары элди тынчытууга, эл менен сүйлөшүүгө аракет жасасам, “Сен бул ишке кийлигишпегин, ал жакта аким бар, биз иштеп жатабыз, буга тийишпегин” деп дайыма четтетип турбадыбы. Бул беш адамга айып тагылуу менен учурдагы бийлик аксылыктарды алдап жатат. Экс- президент Аскар Акаеев жана ошол учурдагы премьер- министр Курманбек Бакиев дагы сурак берип, тергөөгө келиши керек. Бул иш жакында аягына чыгаарына күмөнүм бар.

Акыркы жолу укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жаңы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен быйыл 10- майда жолугушуп, алар Аксы окуясын кайра териштирип чыгуу маселесин кайрадан көтөрүшкөн.

Аксы окуясы болгондон бери арадан беш жыл өттү. 2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду камактан бошотуп алабыз деп, райондун борборуна митинг өткөргөнү бараткандарга милиция ок атып, андан алты адам каза болгон эле.