ЭМГЕК МИГАРАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ КӨП

Бишкекте жана Чолпонатада өткөн Кыргыз диаспораларынын VI эл аралык жыйынында АКШ, Түркия, Казакстан жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү кыргызстандык мигранттардын абалын, алардын укуктарын жана мыйзамдуу жүрүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүү, экономикалык жеңилдиктерди берүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Кош жарандуулук маселеси- жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду.
“Замандаш” бирикмеси уюштурган жыйында мигранттардын укугу,улуттук каада-салттарды, тилди сактоо, жарандык маселелери талкууланды. Ага Орусиянын 24, Казакстандын 6 шаарынан, АКШ, Австрия, Түркия жана Тажикстандан 200дөй кыргыз мигранттары келип, өз суроо-сунуштарын айтышты.

“Замандаш” ассоциациянын жетекчиси Жума Абдуллаевдин айтымында жыйында демографиялык маселелер козголуп, чет жакага кетип жаткан адистердин агымын токтотуу жана инвестиция тартуу максатында Лейлек районунун аймагында экономикалык эркин аймак түзүү, кош жарандуулук, мигранттар үчүн жеңилдиктерге байланыштуу суроолор талкууга алынды.

Кыргыз диаспораларынын VI эл аралык жыйынында АКШ, Австрия,Тажикстан, Казакстан жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү чет жакта жашаган кыргызстандык мигранттардын абалын, алардын укуктарын жана мыйзамдуу жүрүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүү, экономикалык жеңилдиктерди берүү сыяктуу маселелерин талкуулашты. Ал эми кош жарандуулук маселеси - жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду.

“Конференцияда Дүйнөдөгү кыргыздардын ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Ошондой эле “Замандаш” ассоциациясы эмки жылы кыргыздардын дүйнөлүк үчүнчү курултайын өткөрүү демилгеси президентке сунуштады.

Мындай сунуш менен өлкө президентине кайрылуу жолдонуп, администрация жетекчиси Медет Садыркулов менен ассоциациянын жетекчилери жолукканда айтылды. Аталган уюмдун мүчөлөрү чет жерлердеги кыргыз эмгек мигранттарынын көйгөйлүү маселелери боюнча жолугушууда администрация жетекчисине айтышты. Кыргыздардын дүйнөлүк биринчи курултайы 1992-жылы Бишкекте, экинчиси 2003-жылы Ысыккөлдө өткөн.

Өлкөнүн миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын пикиринде чет мамлекеттердеги кыргызстандык мигранттардын мыйзамдуу жүрүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүүгө аракеттер көрүлүп, мамлекеттер аралык келишимдер түзүлүүдө. Алыскы чет өлкөлөрдөгү кыргыздар менен тыкыз байланыш болбой жатат. Күзүндө Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам алып барып, начар абалын жеңилдетүү маселелери талкууланат, дейт Айгүл Рыскулова

Жогорку кенештин депутаты Улугбек Ормоновдун айтымында, кош жарандык алуу коркунучтуу деңгээлге өсүп барат. Маалыматка караганда өткөн жылы 10 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. Ал эми быйылкы жылдын алты айында эле арыз бергендердин саны 28 миңге жеткен. Жалпысынан Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар экенин адистер айтып жүрүшөт.