Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитине катышуучу өлкө жетекчилерин тосуп алып, коштоп жүрүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн МАИ кызматы машыгууларды өткөрүп баштады. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги белек кылган 17 машинадан сырткары дагы ондогон атайын автоунаалар, беш миңдей кызматкер коопсуздукка көз салмакчы. Анткен менен саммит баштала электе жолдор тосулганына жергиликтүү айдоочулар нааразы болуп жатышат.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин убагында Кыргызстандын МАИси күнү түнү менен күчөтүлгөн режимде иштейт. Жогорку даражалуу меймандары коштоп, алардын коопсуздугун камсыз кылууда атайын автоунаалар жетиштүү болду. Себеби АКШ элчилиги кыргыз милициясына 225 миң доллар өлчөмүндөгү техникалык жардам катары 17 автоунаа берген эле.
Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Калысбек Темировдун айтымында, ШКУ саммитинин күндөрүндө Кыргызстандын борборунда МАИнин жүздөгөн кызматкерлери иштейт. Алардан тышкары Бишкектин көчөлөрүндөгү тартипти камсыз кылууга облустук мамавтоинспекциялардын кызматкерлери тартылат.
ШКУнун саммити алдында МАИ башкармалыгы Бишкек милициясы менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өткөрө баштады. Жол эрежелерин сактоо, коопсуздукту камсыздоо жана техникалык каражаттарды координациялоо максатында МАИ оперативдик штаб түздү.
Сырттан кирүүчу автоунааларга чектөө коюлуп, шектүү делген унаалар текшерүүгө алынат.
Жол коопсуздугуна орчундуу көңүл бурулганы бекеринен эмес. Себеби жол кырсыктары боюнча Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн алдыда турат.
Өткөн жылы өлкөдө жол кырсыктарынан 1051 адамдын өмүрү кыйылган. Ушул жылдын башынан бери алты ай ичинде республика боюнча 337 миң жол эрежесин бузуу катталган. Жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 26.8 пайызга көбөйсө, мындан жабыркагандардын саны туура отуз пайызга жогорулаган. Ушул алты айдын ичинде эле 522 адам набыт болуп, эки жарым миңден ашуун адам оор жараат алган.
Жол кырсыгы эң көп Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалалабад облустарында катталууда. Бул тууралуу ИИМдин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Калысбек Темиров маалымдады.
Анткен менен борбор шаар тургундары ШКУнун саммити баштала электе эле Бишкекте автоунаалар көп болуп, кичи автобустардан жол тийбегендигине, жолдор тосулганына нааразы болуп жатышат.
Бишкектик айдоочу Алмаз Кудайбергенов Манас көчөсү тосулуп калгандыктан шаардын тең жарымын айланып чыгууга аргасыз болгон. МАИ кызматкерлери борбордук көчөлөр белгилүү мөөнөттөрдө убактылуу жазылаарын алдын ала эскертип, маалымдап турса, айрыкча ШКУнун саммити учурунда кайсыл көчөлөрдө чектөөлөр болоору айтылса дешет.
- Демейде эреже бузуп сүзүшкөндөрдүн көпчүлүгү жаш балдар же чоңдордун балдары, алар эч кимге баш ийбейт, ГАИлер токтотсо жогору жакта отурган чоңдордун визиткаларын көргөзүп коюп кете беришет. Анын үстүнө машиналар да опсуз көбөйүп, жолдордо “пробка” пайда болуп, жолдор да тарып баратат. ШКУнун саммити учурунда кайсыл көчөлөр тосулаары алдын ала айтылса дурус болоор эле,- дейт Бишкектик айдоочу Алмаз Кудайбергенов.
Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Токтосун Сатаровдун пикиринде, автокырсыктарды азайтуунун негизги жолу – өлкөдөгү жол саясатын иштеп чыгуу, МАИ тармагында толук реформа жүргүзүү, жолго, автоунаага байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, эреже бузгандар үчүн айыптардын өлчөмүн көбөйтүү жана чет өлкөлөрдөн келип жаткан автоунааларга мыйзамдуу негизде чек коюу керек.