ТОКТАЙЫМ ҮМӨТАЛИЕВА: КАРООЛ ДӨБӨДӨ ВАНДАЛИЗМ БОЛУП ЖАТАТ

Кыргызстандын өкмөтү “Манас ордо” комплексиндеги археологиялык казуу иштер боюнча маселени жакынкы жыйындарынын биринде талкуулаган жатат. Бул туурасында “Азаттыкка” Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев кабарлады. Губернатордун маалымдашынча азыр Кароолдөбөнүн этегиндеги жерди казуулар белгилүү чегине жетип токтотулду. Өкмөт жыйынында археолог окумуштуулар, адистер чогулушуп андан ары казуу керекпи, же жокпу деген маселени талкуулап, чечим кабыл алынмакчы. Бирок Кароол Дөбөдөгү археологиялык казууларга бир катар бейөкмөт уюмдар каршы чыгып келатышат. Мындай каршылыктын төркүнү эмне экенин “Азаттыктын” кабарчысы Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевадан сурап суроо салган.
- Сиз бул археологиялык казуу иштерине каршы пикириңизди билдирип келатасыз, бирок чын-чынында археологиялык казуулардан кандайдыр бир тарыхый баалулуктар табылып калса, бу өлкө үчүн мааниси чоң да. Эмненин негизинде бул иштерге каршы болуп жатасыздар?

- “Манас ордо” бул өзүнчө уникалдуу комплекс. Союз учурунда белгилүү археолог Аманбаева өзүнүн изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Бул Кароолдөбө кол менен жаcалган, бул жөнүндө илгерки археологдордун жазган каттары бар. Бирок археологиляк изилдөөнү жүргүзүш үчүн өздөрүнүн квалификациясына барабар болгон чоң деңгээлдеги адистер жүргүзүш керек.

Бүгүнкү Кароолдөбөнү текшерип аткан адамдар булар Амуна Мунди деген эл аралык духовный академия. Үч күндөн бери интернеттен аңтарып карап атам, мындай эч кандай академия жок экен. Алардын жетекчилери менен сүйлөшүп, кайсы илимий изилдөөнүн негизинде келдиңиздер десем, алар биздин аксакалыбыз асманда Кудай менен сүйлөшкөн адам дейт. Кудай менен сүйлөшүп, Кудай ушул жерди каз деп айтты, ушул жерде координаттар бар дейт. Мындай чон кургандарга киргенде өзүнүн мыйзамдары, жоболору, инструментарийлери болот. Ачык айтканда булар эки кетмен же компрессор менен талкалап атышат. Ичине аба кирсе ичинде бир нерсе бар болсо, кычкылдык, (кислородное окисление) башталышы мүмкүн.

Азыр комплекске миллион деген каражатка зыян келтирилген. Себеби жерди каза баштаганда эле көрүнүп турат. Бул жөнөкөй топурак эмес, кол менен жасалган топурак экен. Основаниесинде чоң плита бар экен, анын бетинде чапталган таштарды карап көрсөк, үч түрдүү кол менен жазылган сүрөттөр турат. Бир түрү петроглифтерге окшош, экинчи түрү Египет пирамидасындагы скобкаларга окшогон сызылган кол менен жазылган сүрөттөр турат. Үчүнчү таштагы түрлөрүндө болсо тик бурчтук, ромбик, пиктограмаларга окшош кол менен сызылган сызыктар турат. Эгерде булар археолог болгондо жок дегенде ошол ташка жеткенде отбойный молотокту таштап коюп туруп гана дүйнөлүк коомчулукту чакырыш керек болчу.

Булар болсо археолог эмес. Биз археолог эмеспиз, биз алтын издеген адамдарбыз дейт. Чолпонбек Абыкеев өзү да айтты, булар археолог эмес, булар алтын издеген адамдар деп. Көзөмөл жүргүзүп булардын спецификасы барбы, эл аралык сертификаты барбы, кандай илимий иштерди ачканы жөнүндө же облустук администрация, же башкалар сураган эмес. Мен барганча губернатор өзү билбептир кайсы кагаздардын негизинде ушундай вандализм кылынып атканын.

Кечээ күнү айтып атат, биз акт менен мамлекеттик комиссияга тапшырып берип кетели. Вандализм болгондон кийин, эң бир кооптуу нерсени ачып, таш- талканын чыгаргандан кийин булар качып атат.

Бирок иш токтотулган жок. Мен үч күндөн бери прокурордун санкциясын ала албай койдум. Себеби бул иш Акүйдөн жетектелип атат. Чолпонбек Абыкеев өзүнүн үч биртууганын алып барып алып, өзүнүн охранасын алып барып алыптыр.

- Бирок кандай иштер болбосун, өзгөчө тарыхый иштер казуулар боюнча, мындай мамлекеттин Маданият министрлиги тарабынан уруксат берилет да. Алар дагы текшерип туруп берсе керек?

- Эки кагаз бериптир. Биринде Адахан мырзанын колу турат. Мындай деген сөздөр менен коштолгон: “проконтролировать ход работы и законность, дать ответ академику Гогузванидзе” дейт. Бул жерде Акүйдөн уруксат берилди деп айта албайбыз. Ошол эле учурда Чолпонбек Абыкеев жазып атат, илимде мистикага көңүл буруу болбойт, илимий иштерди так изилдөө менен карашыбыз керек деп. Ушул топту башкарып аткан Чолпонбек Абыкеев Кароолдөбөнүн ичинен “коронованная змеяны” издеп атабыз дейт.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Төрөкул Дооров, Прага