БРАУНДУН АКШ САЯСАТЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Амирбек Азам уулу, Бишкек Жекшемби күнү Британиянын премьер- министри Гордон Браун Вашингтонго ырасмий сапарга келди. Браун жолго чыгар алдында жасаган билдирүүсүндө АКШны Британиянын бирден бир маанилүү өнөктөшү деп атады. Талдоочулар мурдакы премьер- министр Тони Блэрдин Жорж Буш менен ынак мамиледе болгон, ал эми Браун өзүн Вашингтондон оолак кармаганга тырышат деп жатышкан. Браун менен Буштун сүйлөшүүсү кандай болот? Бул жөнүндө “Financial Times” гезитинин серепчиси Филип Стефенстин “Азаттыкка” берген интервьюсунун учкай мазмуну.
“Financial Times” гезитинин серепчиси Филип Стефенс Британиянын жаңы премьер-министр Гордон Браундун Кошмо Штаттары менен болчу саясаты стратегиялык жактан өзгөрбөйт деп санайт. Себеби, коопсуздук, Кошмо Штаттары менен Европага коркунуч туудурган жагдайлар, аскерий технологияны пайдалануу, Ирактагы жана Ооганстандагы согуш маселесинде Лондон менен Вашингтон бирдей көз карашта. Анткен менен, Стефенстин оюнча, Браундун АКШ саясаты Блэрдикинен бөлөкчө болот. Эмне үчүн?

-Биринчиден, Браун Блэр эмес. Блэрдин Бушка болгон өтө жакын мамилеси 2001-жылдын 9-сентябрындагы кыйракандан кийин калыптанып, алар Ооганстан жана Ирак аркылуу чогуу өтүштү. Браун бул эки операцияны башынан эле колдосо да, 18 айдан кийин бийликтен кеткени турган Буштан өзүн бир кыйла оолак кармаары анык жана алар жакын мамиледе болушпайт. Экинчиден, жалпы Европадагыдай эле Британияда да анти-бушчул жана анти-америкалык маанай бар. Ошондуктан, британиялык саясатчылар Европанын башка жерлериндеги саясатчылар сыңары Буштун администрациясына жакындабай кандайдыр бир аралыкты карманышат. Ушундан улам, Гордон Браун мамиле бекем деп айтканда, көп жактуу кызматташуу же кошумча жардам берүү, соода жана экономикалык өнүгүү, ошондой эле аскерий күч жөнүндө айтып, өзүн Тони Блэрден өзгөчө кылып көрсөткөнгө умтулат деп айтаар элем.

Стифенстин сөзүнө караганда, Браун британиялык аскерлерди Иракка кошумча дагы жөнөтпөйт. Ага бул жөнүндө Браундун жакын досу айткан. Азыр Ирактын түштүгүндөгү Басрада 5 миңге жакын британ аскери бар. Алар Стифенстин болжолунда, келерки жылы чыгарылышы ыктымал:

-Бирок, Гордон Браун АКШлык аскерлерди (Ирактан) чыгаруу боюнча Вашингтондо жүрүп жаткан кызыл талкууга кошулбайт деп ойлойм. Гордон Браун Бушка мен британ аскерлерин келерки эки же үч айда чыгарганы жатам деп, аны демитпейт деген ойдомун.

Ал эми Россияга карата Браун менен Буш окшош саясат жүргүзөт. Ирандын ядролук технологияга байланыштуу чатагын Браун дипломаттык каналдар менен жөндөөгө умтулат деп боолгойт “Financial Times” гезитинин серепчиси.