Алар бүгүн түшкү саат бир жарымга (Бишкек убактысы боюнча) дейре ооган бийликтери абактагы талиб согушкерлерин бошотууга көнбөсө түштүк кореялык туткундар өлтүрүлө баштаарын эскертүүдө. Экстремисттер буга дейре 8 талиб согушкери турмодон бошотулбаса туткундагылардын баары өлтүрүлөөрүн билдиришкен. Алардын колунда азыр түштүк кореялык 22 атуул кармалууда. Туткундагылардын 16сы аялдар.