15:35 “Манас ордодогу” казуулар эртең өкмөттүк жыйында талкууланат

Бул туурасында “Азаттыкка” Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев кабарлады. Губернатордун маалымдашынча азыр Кароол дөбөнүн этегиндеги жерди казуулар белгилүү бир чегине жетип токтотулду, эми эртеңки жыйында археолог окумуштуулар, адистер чогулушуп андан ары казуу керекпи же жокпу деген маселени талкуулап, казуу иштери боюнча кийинки чечимдер кабыл алынмакчы. (EBM)