Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев жана аны коштогон бир топ министрлер кечээ 27-июлда Аксы районунда болуп кетишти. Анын жергиликтүү калк менен жолугушуусунда райондогу бир топ социалдык-экономикалык маанидеги маселелер көтөрүлдү. Өкмөт башчы ошондой эле кечке маал Аксы окуясында шейит болгон балдардын арбагына куран окутту.
Суунун тартыштыгынан Аксыда миңдеген гектар жер өздөштүрүлбөй жатат. Суу Иринжит каналына жетсе Кошдөбө айыл өкмөтүнүн 2 миң гектар жери өздөштүрүлмөк. Айыл тургуну Шайымкул Серикбаев суу курулушуна өкмөттөн каражат зарыл экендигине токтолду:
- Биздин элге азыр таза суу келиш керек эле, каналды ачып бериш керек эле.
Аксылыктар беш жыл мурда өкмөттөн жүз тонна буудай алган. Үрөөндүн сапатсыздыгынан эгин болгон эмес. Ал буудайдын карызын кечүү чечими аткарылбаганын Мейманкул Анарбаевди беймазага салууда:
- 2002-жылы март айында келген. Ошону биз эккенде чыкпай калган. Айыл чарба, финансы министрлигинен атайын комиссия келген.
Өкмөт башчы Алмаз Атабаев Иринжит каналынын курулушу менен таанышкан соң, Кошдөбө айылына чогулган алты айыл өкмөттүн калкы менен жолукту. Жолугушууда ал мурда уурдалып-тонолгон каражаттар казынага түшө баштагандыктан социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө шарт түзүлгөндүгүн билдирди. Анын айтымында мектеп, суу, канал курулуштарына 300 млн. сомго дейре каражат бөлүнүүдө. Бирок эмгек миграция токтобой, 500 миңдей адам Орусияда, 90 миңдей киши Казакстанда иш издеп жүрөт. Иринжит каналынын курулушуна өкмөттөн 10 млн. сом бөлүнө турган болду:
- Иринжит каналынын курулушуна биринчи акча бөлүндү 10 млн. сом. Быйыл курулуш башталат. Эмдиги жылы Актеректе да канал курууну баштайбыз. 200-300 млн. сомдон каналдарга, жолдорго, мектептерге бөлүп атабыз. Анткени бирөөнүн чөнтөгүнө кетип аткан акчалар азыр бюджетке түшүп атат. Түштүктүн жергесин карасак, Баткен болобу, Ош болобу, Жалалабат болобу элибиз айла жок иш издеп кетип атат. Азыркы убакта жарым миллиондон ашык элибиз Орусияда, 80-90 миңдей Казакстанда жүрөт кор болуп.
27-июлда жааган жамгыр Аксынын бир топ айылына кайрадан зыян келтирди. Алдын алуу чаралары көрүлбөсө 1200 үй-бүлө cел алдына калаарына Алмаз Атамбаевдин көңүлүн Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Райма Жоробекова бурду:
- Cел алып кетсе Жергетал айыл өкмөтүнүн 1200 эли жердин астында калмакчы. Бул боюнча мен бир нече жолу маселе койгом, дагы коюп атам. Жайыт маселеси боюнча айыл өкмөттөр өтө талаш-тартышта жүрүп атабыз. Ошондуктан жайыттын арендасын токтотуп эле, малдын башынан салык чыгарып койсо деген маселе бар.
Жазгы суу ташкын чагында райондо бир кыйла үйлөр жашоого жарабай калган. Каражыгач айыл өкмөтүнүн тургуну Жоробек Арстанкулов алты баласы менен бирөөнүн үйүндө баш калкалоодо. Бөлүнгөн жер участогуна үйдүн пайдубалын куйганы менен курулушту андан ары бүтүрүүгө өкмөттөн каражат берилген эмес:
- Бирөөнүн тамында эптеп чатыр таап алып ошого жашап атабыз. Күн жааса тыгылып отурабыз жаман бастырмада.
Өкмөт башчы Аксы окуясында шейит кеткендердин арбагына куран окутту. Карасуу айыл өкмөтүндө жыйналган калк менен учурушканда Жаңыжол айыл өкмөтүнүн башчысы Керимжан Райымбеков Ташкөмүр-Каражыгач жолунун сапатсыз курул жаткандыгын айтып, жээктерди бекемдөөгө жана ретранслятордук станцияны бүтүрүүгө кошумча каражат сурады:
- Ретрансляторду койсок телекөрүү сапаттуу болуп калмак. Аксы районун 40-50 пайыз эли теле, радио менен камсыз болуп калмак. Ошого 35 млн. акча бөлүндү деп коюп, кийин берилген жок. Ошол бойдон аягына чыкпай келатат.