11:20 Аксы окуясы боюнча Аманбек Карыпкуловго айып тагылды

Бул маалыматты Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” маалымдады. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Аманбек Карыпкуловго Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткан. Ал өзү болсо бул иште эч кандай айыбы жок экендигин айтып келатат.