ОРУСИЯНЫН ЖЕРИ ТҮНДҮК УЮЛГА ЧЕЙИН ЖЕТЕБИ?

Муса Мураталиев, Москва Орусиялык илимий-изилдөөчү «Академик Федоров» кемеси жүздөн ашуун экспедициянын катышуучуларын алып, шейшембиде Түндүк уюлга карай жол тарткан. Бирок Баренцево деңизине жеткенде кеменин кыймылдаткычы бузулуп, бир күнү ал жерде токтоп турду. Ага жардамга ашыккан «Россия» атомдук муз жаргыч кемеси экөө эми ИТАР-ТАСС билдиргенге караганда Франц-Иосифтин жери аталышта архипелагды карай бет алып, сапарын улашууда. Агенттиктер билдиргенге караганда орусиялык окумуштуулар эки батискафтын жардамы менен Түндүк муз океанынын тегин изилдешмекчи. Алдын ала айтылган божомолдо океандын түбүндө нефть жана газ чыкчу кыйла жерлер бар. Эксперттер Орусия аларды озунуп изилдеп ошону менен жеринин энин арттырып жана энергия кубатын өндүрүүчү отундун мол болушу үчүн да кам жеп атат дешет.
Түндүк уюлду ким ачтыга келгенде, ага алгач болуп барган америкалык окумуштуу Роберт Пири экен. Ал 1909-жылы ит кошкон чана менен жер шарынын туу чокусуна жетиптир. Экинчи болуп 1937-жылы 21-майда СССРдин экспедициясы барыптыр. Аны Түндүк уюлга Иван Папанин тартып барган экен. Ушуларды эске алганда бул жолку орусиялык экспедициянын илимий багытта кылчу иши жакшы, бирок аны кремлдик бийликтин жерин кеңейтүү максатта пайдаланышы кыйланы кооптонтот дешет.

Советтик кездеги 22 миллион чарчы чакырым жеринен КМШ өлкөлөрү бөлүнүп чыкканда 5 миллиондоюнан каңтарылган. Орусия эми жерин 1 миллион 200 миң чарчы чакырымдай жерге кеңейтүү дымакта. Ошол үчүн Түндүк муз океанынын бир өңүрүн өзүнө кошуп алмакка далбас ура баштады дешет.

БУУнун келишимине ылайык Арктика менен Антарктида аймагына бир да мамлекет көз артпоого тийиш. Ошого карабай бул жолу орусиялык экспедициянын максаты Түрдүк муз океанынын түбү менен кеткен Ломоносов атындагы бөксө тоону Орусиянын жеринин уландысы деп далилдеп чыгуу экенин анализчилер айтышууда. Анын үстүнө эксперттер айткан болжолдо океан астындагы бөксө тоо арасында 10 миллиард тонна келер карамай жана көгүлтүр отун такоолу жатат.

Шейшемби күнү Мурманск калаасынан сапар тартып атып Мамдуманын төрагасына орун басар Артур Чилингаров ал жактагы жерлерди орусияныкы экенин далилдеш үчүн бара жатышканын баса көргөздү:

- Биз ал жердин Орусияныкы экенин далилдешибиз керек. Орусиялык чектин түндүк тумшугу кайсы жер менен өтөрүн билдиришибиз керек.

Чет элдик агенттиктер жазганга караганда Түндүк муз океанындагы Ломоносов бөксө тоосу бир эле Маскөөгө тийешелүү эмес. Ага Кошмо Штаттары, Дания, Норвегия жана Канада бирдей укута, теңтайлаш акылуу.

БУУнун комиссиясынын көзөмөлдүгү астында аталган мамлекеттер өз жеринин четинен 200 милдик ыраактыкка дейре ишкердик жүргүзө алышат. Бирок бир да мамлекеттин Түндүк уюлга дейре кирип барууга акысы жок.

Президент Путин кыйладан бери Орусияны кемелине келтирүү кебин куруп келет. Эксперттер андай дымак, демек - «энергиялык империя» куруу деп айтышат.

«Time» гезити жазганга караганда америкалык сенатор Ричард Лугар (Richard Lugar) өйдөкү палатада сөз сүйлөп:

- Орусиянын карамай менен газга бай ал жерлерге көз артышы АКШнын кызыкчылыгына карама каршы келет.

Ошого карабай орусиялык батискаф Түндүк уюлга жеткенде, 29-июл күнү – 4700 метрдей тереңдикке чөгөрүлүп океандын тегине орусиялык символдорду орнотуу каадасына өтөт дешет.

Кызык жери, 7-январда да мамлекеттик сыналгылар ФСБнын деректири Николай Патрушевдун Түштүк уюлга орусиялык байракты орнотуп атканын көргөздү эле.