Анда КМШ жана Европа мамлекеттеринде укук коргоочулардын абалы иликтөөгө алынган. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык Россия, Беларусь, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстанда атуулдук коомдун өкүлдөрүнө кысым күчөгөн. Ал эми Кыргызстан, Белгия, Грузия, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тынч максатта чогулуу укугу бузулган.Укук коргоочулардын укугун коргоо боюнча Обсерватория Адам укуктары боюнча эл аралык федерация жана Кыйноого каршы дүйнөлүк уюмдун биргелешкен долбоору. (AiT)