Бул маалымат кыргыз мигранттарынын Бишкектеги Хаят мейманканасында өтүп жаткан конференциясында айтылды. Расмий түрдө өткөн жылы 862 миллион доллар акча которулган. Ага расмий эмес жол менен алып келгендер кошулса 1.5-2 миллиард долларга жетет. Конференцияда жарандык алуу коркунучтуу деңгээлге өсүп баратканы белгиленди. Маалыматка караганда өткөн жылы 10 миң кыргыз атуулу орус жарандыгын алган. Ал эми быйылкы жылдын алты айында эле арыз бергендердин саны 28 миңге жеткен. Жалпысынан Россияда 500 миңден ашуун эмгек мигранттары бар экени белгиленүүдө. (AiT)