«Таластан эмне издеп жатышат? Алтынбы? Алтын?! Алтын!!!» деген баштема менен жарык көргөн «Новый Кыргызстан» гезитинин босогосун аттап көрөлү. Гезит «чет өлкөлүк археологдор 4000 тонна алтын издеп жатабы?» деген суроо менен Талас облус губернатору Байымбет Мураталиевге кайрылганда, ал Кароол Чокуну казып аткандардын өкмөттүк деңгээлде уруксат алган кагазын өз көзү менен көргөнүн, ага Маданият министрлигинин кепилдиги турганын, аты-жөнү эсинен чыгып кеткен бир окумуштуу менен сүйлөшкөндө мындан бир ай мурда Күнбатыштагы Ай менен жылдыз тогошкон кубулуш дал ушул Кароол Чокуну казуу убагы келди деген белги экендигин, табияттын жашыруун сырынын ачкычы так ушул жерде жатканын, эгер азыр казылбай калса дагы 1000 жыл күтүүгө тура келерин, ошондуктан казып атышканын, эл адегенде нааразы болуп, түшүндүргөндөн кийин тынчып калганын айтса, КР президентинин кеңешчиси Болот Шамшиев, бул иште өкмөттүн кенедей да тиешеси жоктугун, археологдордун жетекчиси менен көзмө-көз сүйлөшкөнүн, мунун баары афера, кокус бул окуяга мамлекеттик кайсы бир атка минерлер аралашкан болсо ал андан да өкүнүчтүү деп жооп берген. Гезит ошондой эле Маданият министрлигинин тарых жана маданият боюнча сектор башчысы Барахан Карымшаковдон бул тууралуу сураганда, ал, чет өлкөлүктөр менен алакалашкан долбоорлордун баарын министрлик өкмөт менен бирдикте чечерин, бирок Кароол Чокуну казуу чечими эмнегедир министрликтин башын аттап кеткенин айткан. Ошентип, деп жыйынтыктаган, гезит, казуу ишине тиешеси бар адамдар же чындап эле эчнерсе билишпейт, же жогор жактан алар «оозуңарды баскыла!» деген буйрук алышкан, болбосо кыргызстандыктар өз жеринде чет өлкөлүк жарандардын эмне кылып жаткандыгын билүүгө укугу болуш керек эле деп жазды.
Кайда караба, Мамайдын көрү… Кыргызстанда бүгүн казылбаган же сатылбаган бир дагы жер калбай баратат дешет байкоочулар. Эгер алдын алуу чаралары көрүлбосө радиоактивдүү уран сыьесун кайра иштетүү өлкөнү экологиялык кесепеттерге апкелиши мүмкүн. Анткени акыркы мезгилде басма сөз беттеринде Кара Балта тоо-кенкомбинатынын чет элдик компанияга сатылып кеткени жана ал компаниянын уран кендүү жерди издеп жүргөнү байма-бай жазыла баштады, деп жазган «Жаңы кылым» гезити, учурда уран иштетүү үчүн 2 жылга лицензия алган австралиялыктар Ысык Көлдөн уран жана молибден кенин издеп тинтүү жүргүзүп жүргөнүн, айрым бир булактардан алынган маалыматтарга караганда уран алуу иши көлдүн түндүк тарабында-272 чарчы чакырым аянтта казыларын маалымдады. Ал эми өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымты боюнча бүгүн Кыргызстандын аймагында радиоактивдүү таштандылар көмүлгөн 92 жай бар. Ушул эле гезит демография маселесине кайрылган макаласында КМШ өлкөлөрүндө калктын саны кескин азая баштаганын, бул маселе Кыргызстанда да жок эместигин кеп кылды. Маселен Талас облусунда-216,4 миң, Нарында-268,2 миң, Баткенде-420,9 миң, Ысык Көлдө- 433,2 миң гана адам бар, же төрт облустун элин бириктиргенде араң 1 миллиондон ашат. Тилекке каршы түштүктүн бош калган жерлерин башка өлкөлөрдүн жылжыма экспансиясы каптап келет. КМШ өлкөлөрү мындай коркунучту сезүү менен балдарынын санын көбөйтүү үчүн шашылыш чараларды көргөнгө өттү. Ал эми Кыргызстандын өзүн өзү көбөйтүүгө акчасы жок, мамлекеттин колунан бул иш келбейт, демек бүгүн Кудайдан бөлөк таянарыбыз жок, деп билдирди.
Башмыйзамда орус тили ырасмий деп жазылып турганына, Мамлекеттик катчы А.Мадумаровдун бир нече жолку эскертүүсүно карабастан мамлекеттик идеологияны талкууга алган жыйын кыргыз тилинде өткөнүнө, өлкөдө мамтилди билбеген да эл бар болгон соң, мамлекеттик маанилүү маселелер ийленип аткан учурда алардын да кызыкчылыгы эске алунуусу керек эле деп «МСН суббота» гезити жазса, «Новый Кыргызстан» гезити Эстониядагы орус тилдүү мектептерди орус тилинен эстон тилине которууну тездетүү үчүн республиканын билим жана илим министрлиги эстон тилинде окутулуучу ар бир кошумча сабак үчүн 6 миң доллардан ашуун сыйлык берүүгө өткөнүн маалымдады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ