Казакстандын Жамбул облусунун түштүк жагында жайгашкан Жазүркүн аймагынан Талас облусунун Манас районунун айрым айылдарына чегиртке каптап, айдалган эгин, жүгөрү жана башка жер-жемиштерге залалын тийгизди. Азыркы тапта Талас облустук район аралык өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүндө 26-июль күнү аталган кырдаал тууралу атайын жыйын болду.
Ушул жылдын 20-июль күнү чегиртке алгач Казакстан мамлекетинен Талас облусуна караштуу Манас районунун борбору Покровка айылынын түндүк-батыш тарабынан каптап кирип келген.
-Облустук тиешелүү мекемелерге чыгуу менен чегиртке калкыбызга келгенин эл-журтка кабарладык. Эл ар кандай жаргычтарды жарып, үндү укканда качан экен. Бир топ менен полеге келип эки топко бөлүнүп кетти. Саат 5-6ларда Покровка айылынан чыгып кетти,-дейт Покровка айыл өкмөт башчы Каныбек Ниязалиев.
Андан кийин чегиртке ошол эле райондун батыш жагында жайгашкан Кайынды айыл өкмөтүн көздөй бет алган.
- Бир топ келди, анын артынан экинчи топ келди. Бизге маалымат түшкөн Покровка айылын чегиртке каптап кетти, сиздер дайын болгула деген. Ошол кезде адистер менен элибизди полеге чыгарып, күтүп отурганбыз. Түтөтүү иштерин жасадык. Бирок ошого карабастан 5 гектар жүгөрүнүн сөңгөктөрүн жеп кетти, биз жетише албай калдык,-деди Кайынды айыл өкмөт башчысы Мукталы Дүйшөбаев.
Талкаланган айдоо жерлер боюнча азыркы тапта атайын комиссия иштеп жатат. Азыркы алган маалыматтар боюнча Покровка айылында бир гектар кызылча, 6 гектар жүгөрү, 2 гектар беде талкаланса, Кайынды айлында 5 гектар жүгөрү талкаланган.
Адистердин айтымы боюнча, чегиртке эки түрү болот – топтошуп жана бирин-серин жүргөн. Таласка топтошуп жүргөн чегирткенин түрү, анын ичинде көк азиаттык жана күрөң марокколук чегирткенин эки түрү каптаганы маалым.
- Айыл чарба өсүмдүктөрүнө келип конуп, оокаттанып талап-тоноп адырларга учуп атат. Азыр эки айыл өкмөтүн аныктап атабыз. Булар дароо жумурткасын тууйт. Адистер жумуртка тууган жердин барын тактап, картага түшүрүп атат. Саранчанын өзүнүн касиети бар, мисалы азиаттык саранча бирөө 100дөн ашык жумуртка тууйт. Ал эми марокколук саранчы болсо 50нүн тегерегинде тууйт. Эгерде кыш катуу болуп калса кээ бири өлүп калышы мүмкүн. Ал эми эрте жазда биздин адистер дагы аныктайт. Ошондо оброботка кылып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирбеши үчүн жок кылууга аракет кылабыз,- деп айтты Талас аймактык өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Жоробек Муратов.
Ошондой эле анын айтымында, мурда союз учурунда айдоо жерлери талканган дыйкандарга атайын компенсация төлөнсө, азыркы тапта андай компенсация төлөнбөйт.
Республикалык өсүмдүктөрдү коргоо департаментинде жогоруда айтылган кырдаал тууралу атайын топ түзүлгөн. Муратовдун айтымында, анын ичинде эки жапыз учуучу учак дельтаплан чегирткелерди жок кылуучу дары-дармектер менен элге бекер кызмат кылат.