Нарын АЙЫП, Прага Сегиз жылдан бери Ливияда туткунда кармалган болгариялык медиктер бошотулган күндүн эртеси өлкөгө Франция президенти Николя Саркози учуп келди. Анын сапары учурунда эки мамлекет ортосунда бир нече келишимге кол коюлду.
Мындан төрт жыл мурда Ливия менен Батыш мамлекеттери отосундагы мамиле өтө начар болчу, дүйнө коомчулугу аны - эл аралык террорчулукту колдойт жана тымызын түрдө өзөктүк курал өндүрүү иштерин жүргүзөт деп күнөөлөп келген. Бирок 2003-жылдын мартына АКШ Иракка каршы согуш баштагандан кийин абал өзгөрдү. Дал ошол жылдын жай айларында америкалык жана бриталиялык аскерлер - өзөктүк зат жүктөлгөн жана Ливияга бараткан бир кемени кармаган.
Көпкө уланган татаал сүйлөшүүнүн натыйжасында 2003-жылдын аягында өлкө жетекчиси Муамар Каддафи атайын билдирүү жасап, өзөктүк изилдөөлөрдөн Ливия баш тартканы тууралуу жарыялаган. Батыш мамлекеттери ал үчүн Ливияга көптөгөн жардам көрсөтүүгө убада берген.
Бирок үстүбүздөгү жылдын март айында Каддафи жаңы билдирүүлөр менен чыгып, Батыш мамлекеттерин сынга алган. Анын айтымында, дүйнө коомчулугу өзүнүн төрт жыл мурда берген убадаларын аткарбагандыктан, Ливия өзөктүк куралдан баш тартканынан дээрлик эч кандай пайда тапкан жок. Ошондуктан Иран же Түндүк Корея сыяктуу башка мамлекеттер Ливиянын жолун жолдоп, өзөктүк куралдан баш тартаары күмөн деп билдирген Каддафи.
Ошол эле март айында Ливиянын өкмөттүк маалымат агенттиги - деңиздин шор суусун тазалоо боюнча ишкана куруу керек жана ал маселе боюнча АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүлөт деп билдирген. Бирок ал маалымат кийин такталган эмес.
1999-жылдан бери Ливияда кармалып жаткан болгариялык медиктердин маселеси үстүбүздөгү аптада чечилип, 24-июлда алар мекенине кайтып келгендин эртеси болсо Франция президенти Николя Саркози Триполиге учуп келип, Каддафи менен жолукту. Эки мамлекет ортосунда бир нече келишимге кол коюлду, алардын ичинде аскерий кызматташуу жана Жер ортолук деңиз чөлкөмүндөгү коопсуздук боюнча документтер бар.
Андан тышкары эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Абдерахман Шалгам менен Бернар Кушнер - деңиз суусун тазалоо ишканасын куруу жөнүндөгү ниет протоколуна дагы кол койду. Анын өзгөчөлүгү - ал ишкана өзөктүк кубат менен иштеш керек жана ошондуктан айрым эксперттер аны сынга ала баштады.
Бирок Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Марк Фитцпатриктин айтымында, мындай келишимден шек санап кереги жок: "Ливия менен кызматташуу жакшы нукта өтүп жатат жана алар чын дили менен өзөктүк куралдан баш тартканынан шек санаган кажетсиз. Ошондуктан алардын келечек ниеттери боюнча эч кандай орчундуу тынчсыздануу жок", - дейт Фитцпатрик.
Анын айтымында, мындай кадам жасаган мамлекеттерди колдоо гана керек: "Ливия кеңири кыруучу куралды өндүрүүдөн чындап баш тарткандыктан, өлкө андан пайда таба ала турганын дүйнөгө көрсөткөн өтө маанилүү. Түштүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартышы жана Иранды дагы ага көндүрүү үчүн Ливия жакшы мисал боло алат", - деп билдирет британиялык эксперт Фитцпатрик.