В. ЖИРИНОВСКИЙ Ф. КУЛОВДУ КОЛДОДУБУ?

«Общественный рейтинг» гезити бүгүнкү санына РФ Мамлекеттик Думасынын орунбасар төрагасы В.Жириновскийдин Мамдумада сүйлөгөн сөзүн кыскартып жарыялады. Биз да үзүндү келтирели. «… Биз кыргыздарга жардам беришибиз керек, биз ал жердеги орустардын быякка көчүп келүүсүн эмес, ошол жерде туруктуу жашап калышын жана орус тилинин 2-ырасмий тил бойдон сакталып калышын камсыз кылууга жардам берүүгө тийишпиз. Экс-премьер Ф.Куловдун биздин өлкө менен конфедерация түзүү жөнүндө көтөргөн маселеси бизде Белоруссияга караганда ылдам чечилет.
Кыргызстан деген Борбор Азиядагы эң эле чечүүчү өлкө. Мен Тышкы иштер министрлигин Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурууга, бул өлкөнүн курорттук факторун, географиялык абалын, кыргыз элинин баарыдан мурда орустар менен жашагысы келгенин түшүнүүгө жана бул үчүн бардык мүмкүнчулүктөрду көрүүгө чакырат элем. Непадам биз конфедерация түзүүнүн башка бир формасына туш келе турган болсок, анда Н.Назарбаев бүтүндөй Борбор Азиянын жеке башкаруучусуна айланат дагы ал аймактан орустарды айдап чыгат. Алардын ордун кытай, түрк, Aмерика, Пакистан адистери басат. Ошондуктан биз Борбор Азиядан алыстоо максатын жүргүзбөстөн тескерисинче ага кайрадан кирүү максатын көздөгөнүбүз оң…».

Мына ушинтип сүйлөгөн В.Жириновский мырза Борбор Азиянын, анын ичинен Кыргызстандын эли менен аралашуунун эсебинен 20-30 жылдан кийин Орусия калкынын санын 200, 50-60 жылдан кийин 300 миллионго жеткирүүгө болорун, ушу кезде ислам факторун күчөтүү максатында Сауд Арабадары Кыргызстанга 3 миң мечитти бекер куруп бергенин, бирок совет бийлигинин таалим-тарбиясы менен өскөн кыргыздар баштарына чалма салынгандын ордуна кайрадан заов-фабриктерде тынч жашоо өткөрүүнү артык көрүшөрүн, Кыргызстан бүгүн өз алдынча жашай албастыгын, эгер орустар озунбаса ал эртең Казакстан менен Өзбекстанга ооп же Кытайдын алдында каларын айтып чыкты.

Ушул эле гезит орус көпөсү Виталий Мащицкийдин Кыргызстанга кантип завод курганы жатканы, 15 жылдан бери өз кардарларын карактап келген коммерциялык банктардын балакети, Кыргыз-Казак алакасынын жаңы кадамы, Бишкек саммитинин АКШ менен Батыш өлкөлөрүнө камдап аткан сүйрү-приздери, Казакстанда бийлик бөлүштүрүү жолоюнун башка жолго түшөөрү жана В.Путин, И.Каримов, Н.Назарбаев, Ху Цзинь Тао жана башкаларды кантип кайтарышары тууралуу макалалардын, ой-пикирлердин, божомолдордун топтомдорун окурмандарга тартуулады.

Булардан тышкары Кыргызстандын тышкы карыздарын жоюу боюнча «Элдик эсепке» Орусиянын Самара облусунда иштеп жүрүшкөн жердештерибиз 86 миң рубль жыйнап бергени жана мындай демилгеге айрым жарандарыбыздын көз караштары менен да ушул сандан таанышсаңыздар болот.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ