ИИМнин Уюшкан кылмыш менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрү деп шектелген Тариель Жумагулов, Рашид Токтосунов жана Марат Исманалиевдерди 24-июлда кармап, алар убактылуу тергөө абагына киргизилди. Чет элдик жарандан коркутуп-үркүтүп акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. 25-июлда Көлбаевдин тобуна кирет деп шектелген Үсөнбек Кыштобаев жана Нурлан Жакыповдор Канттык ишкерден акча доолап жаткан жеринен кармалды. ИИМнин маалымат кызматы билдиргендей, кармалгандар мурда Көлбаев менен бирге жаза өтөп чыгышкан. (JTo)